Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-февралы №75
"Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүүнүн институтун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна, "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы № 676 токтому менен бекитилген Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2010" "Кыргызстан топ 50 өлкөлөргө" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобонун 1 бөлүмүндө:
2-пункт "чыгарылган курулуш продукциянын" деген сөздөрдөн кийин ", аткарылган жумуштардын" деген сөздөр менен толукталсын;
5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Долбоордук документтерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүү боюнча адистин (эксперттин) мамлекеттик квалификациялык сертификаты долбоордук документтерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө укук берет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө:
- Мамлекеттик квалификациялык сертификаттоого тийиш болгон адистиктердин тизмесине анын долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү жагында адистерди сертификаттоо бөлүгүне тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- долбоордук документтерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүү боюнча адистердин (эксперттердин) кесипкөй жана квалификациялык сапаттарына коюлуучу талапты иштеп чыксын жана бекитсин;
- долбоордук документтерге көз карандысыз экспертиза жүргүзүү боюнча уюмдарды аккредитациялоо тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |