Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 26-февралы № 63
Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
Курулуш тармагынын адистерине квалификациялык сертификаттарды берүү жана алуу маселелерин жөнгө салуу максатында, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4-беренелерине. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо жүргүзүлүүчү адистиктердин тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген жана узартылган сертификаттардын негизинде кесиптик ишин жүргүзүп жаткан адистерге сертификаттарды мөөнөтсүз сертификаттарга алмаштыруу алардын арыздарынын негизинде колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин же эгерде мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу жөнүндө арыз берилбесе колдонуу мөөнөтү аяктаганда жүргүзүлөрү белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 "Курулуш тармагындагы адистерге мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы № 75 "Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 47 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 "Курулуш тармагындагы адистерге мамлекеттик квалификациялык сертификаттоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 18 (3197) жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |
|
| 2-тиркеме |
Курулуш тармагынын адистерин квалификациялык сертификациялоо жүргүзүлүүчү адистиктердин тизмеси
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 630 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Инженердик изилдөөлөр
1. Инженердик-геодезиялык изилдөөлөр:
1) курулуштун максаттары үчүн инженер-геодезист (курулуштун бардык түрлөрүн топографиялык сүрөткө тартуулар, геодезиялык негиздемени түзүү (полигонометрия, триангуляция, трилатерацин), өтө так нивелирлөөнү, линиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү ж.б.).
2. Инженердик-геологиялык изилдөөлөр:
1) курулуштун максаттары үчүн инженер-гидрогеолог (курулуштун максаттары үчүн гидрогеологиялык иштер);
2) курулуштун максаттары үчүн инженер-геофизик (курулуштун бардык түрлөрү боюнча геофизикалык иштер);
3) сейсмологиялык иштер боюнча инженер-геофизик (ар кандай деталдуулуктагы сейсмикалык райондоштуруу жана микрорайондоштуруу маселелери боюнча геофизикалык иштер);
4) инженер-гидролог (сел жана көчкү коркунучун, суу ташкындарын, эрозиялык кубулуштарды изилдөө жана баалоо ж.у.с.).
2-глава. Долбоордук иштер
3. Долбоорду иштеп чыгууга жетекчилик кылуу:
1) инженер (архитектор) - долбоордун жетекчиси (долбоордук документтерди комплекстүү иштеп чыгууга жетекчилик кылуу, долбоордун башкы инженеринин (архитектордун) функцияларын аткаруу).
4. Архитектуралык долбоорлоо:
1) шаар куруу боюнча архитектор (шаар куруу документтери, башкы пландар, деталдуу пландоо долбоорлору, микрорайондорду куруу, калктуу конуштарды, өнөр жай зоналарын пландоо, аймактарды абаттоо, жашылдандыруу);
2) жарандык жана өнөр жай курулушу боюнча архитектор (турак үйлөрдү, коомдук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо);
3) реставрациялоо боюнча архитектор (архитектура жана шаар куруунун эстеликтерин реставрациялоо жана реконструкциялоо долбоорлору).
5. Курулуш конструкцияларын, түйүндөрүн жана деталдарын долбоорлоо:
1) куруучу инженер-конструктор (турак үйлөрдүн, жарандык имараттардын жана курулмалардын, өндүрүштүк багыттагы объекттердин курулуш конструкцияларын, түйүндөрүн жана деталдарын долбоорлоо);
2) куруучу инженер-эсепчи (имараттардын жана курулмалардын курулуштук конструкцияларынын жана түйүндөрүнүн эсептери);
3) долбоорлордун эксперти - куруучу инженер (имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкцияларын, түйүндөрүн, долбоордук чечимдерди баалоо).
6. Транспорт объекттерин долбоорлоо:
1) жолчу инженер (темир жолдорду, автомобиль жолдорун, аэродромдордун учуучу-конуучу тилкелерин долбоорлоо);
2) көпүрөчү инженер (көпүрөлөрдү, эстакадаларды, кабат жолдорду жана жолдордогу жасалма курулмаларды долбоорлоо);
3) шаар куруу-транспорттук инфраструктура боюнча инженер (транспорт схемаларын жана инфраструктураны долбоорлоо).
7. Инженердик тармактарды жана системаларды долбоорлоо:
1) электр менен камсыз кылуу боюнча инженер;
2) суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча инженер;
3) жылуулук менен камсыз кылуу жана желдетүү боюнча инженер;
4) от казан орнотмолору боюнча инженер;
5) газ менен камсыз кылуу боюнча инженер;
6) муздактык менен камсыз кылуу боюнча инженер.
8. Технологиялык долбоорлоо:
1) инженер-технолог (чарбанын ар түрдүү тармактарынын өнөр жай жана жарандык багыттагы объекттеринин технологиялык процесстерин долбоорлоо);
2) инженер-конструктор (стандартташтырылбаган жабдууну долбоорлоо, жабдуу).
9. Сметалык документтерди жана экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу:
1) инженер-сметачы;
2) инженер-экономист (сметалык документтерди, экономикалык эсептер жана негиздемелер боюнча бөлүмдөрдү иштеп чыгуу).
10. Долбоорлоонун атайын бөлүмдөрү:
1) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис (долбоордук документтердин айлана-чөйрөнү коргоо жана чарбалык иштин айлана-чөйрөгө таасир этүүсүн баалоо боюнча бөлүмдөрүн иштеп чыгуу);
2) имараттарды жана курулмаларды изилдөө боюнча инженер (пайдубалдардын, башка көтөрүүчү конструкциялардын жана түйүндөрдүн техникалык абалын текшерүү, авариялардын себептерин изилдөө жана аныктоо, имараттардын жана курулмалардын негиздерин, түйүндөрүн жана конструкцияларын бекемдөө жана реконструкциялоо боюнча долбоордук документтерди иштеп чыгуу).
3-глава. Инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр
11. Инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр боюнча адис (өндүрүштү башкарууга жардам көрсөтүү, курулуштун прогрессивдүү методдорун, технологиялык процесстерди жана ыкмаларды киргизүү, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, курулушту техникалык көзөмөлдөө жана заказчынын функцияларын аткаруу, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо).
Инжинирингдик кызмат көрсөтүүлөр боюнча сертификаттар адистерге базалык билимине ылайык чектөөлөр менен берилет.
4-глава. Курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүү
12. Курулуш материалдарын өндүрүү:
1) курулуш материалдарын уюштуруу жана өндүрүү боюнча адис;
2) камдаштыруучу материалдарды: цемент, гипс, акиташ, магнезийлүү камдаштыргычтарды өндүрүү боюнча адис;
3) руда эмес кайра иштетүүлөрдү: кырдуу шагыл, кум, шагыл, кум-гравий аралашмасын, табигый таштарды, өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү боюнча адис;
4) жылуулукту изоляциялоочу материалдарды: керамзит, аглопорит, пенобетон, газсиликат, минералдык кебез жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү боюнча адис;
5) керамикалык буюмдарды: кирпич, черепица, жасалгалоочу плитка, түтүктөрдү өндүрүү боюнча адис;
6) чатырлоочу материалдарды өндүрүү боюнча адис;
7) полимердик материалдарды: линолеум, эмаль, клей, мастика, грунт, чайыр, сыр, эмульсияларды өндүрүү боюнча адис;
8) айнек жана андан жасалуучу буюмдарды өндүрүү боюнча адис;
9) товардык бетон, эритме өндүрүү боюнча адис;
10) асфальт өндүрүү боюнча адис.
13. Курулуш конструкцияларын жана буюмдарын өндүрүү:
1) курулуш конструкцияларын, буюмдарын уюштуруу жана өндүрүү боюнча адис;
2) болот жана алюминий конструкцияларын жана буюмдарын өндүрүү боюнча адис;
3) бетондон, темир бетондон курама конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүү боюнча адис;
4) жыгачтан жасалган конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүү боюнча адис;
5) полимердик материалдардан жасалган конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүү боюнча адис (ыктыярдуу сертификация);
6) асбест-цемент буюмдарын өндүрүү боюнча адис (ыктыярдуу сертификация);
7) санитардык-фаянстык буюмдарды өндүрүү боюнча адис (ыктыярдуу сертификация);
8) желдетүүчү, санитардык-техникалык жана электр монтаждык буюмдарды жана тетиктерди өндүрүү боюнча адис.
14. Сапатты контролдоо.
1) курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүүнүн сапатын контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча адис.
5-глава. Имараттарды жана курулмаларды куруу
15. Куруу-монтаждоо иштери:
1) куруу-монтаждоо иштери боюнча адис.
Жер иштери (аянттарды пландоо, грунттарды иштетүү, грунттарды бекемдөө жана таптоо, тоңгон жана суулуу грунттарда иштөө, дренаждарды орнотуу).
Имараттардын жана курулмалардын көтөрүүчү жана тосмо конструкцияларын куруу (сваяга орнотуу жумуштары, бийик металл, темир-бетон конструкциялардын жана курулмалардын түзүлүшү, металл конструкцияларды монтаждоо, бетон жана темир-бетон конструкциялардын түзүлүшү, курама темир-бетон конструкцияларды монтаждоо, таштан, кирпичтен блокторду коюу, жыгач, полимердик конструкцияларды жана буюмдарды орнотуу).
Конструкцияларды жана жабдууларды коргоо (курулуш конструкцияларын гидроизоляциялоо, чатырлоо жумуштары, курулуш конструкцияларынын жылуулугун изоляциялоо, өткөргүч түтүктөрдүн жана жабдуулардын жылуулук-муздактыгын изоляциялоо, курулуш конструкцияларын жана жабдууларын коррозияга каршы, химиялык коргоо, өткөргүч түтүктөрдү жана металл курулмаларды электрохимиялык коргоо каражаттарынын курулмасы, корумдоо жана футерлөө жумуштары).
Жасалгалоо иштери (шыбак, пол түзүлүшү, беттөө, чаптоо, сырдоо, тушкагаз чаптоо жумуштары (ыктыярдуу сертификация).
16. Транспорттук курулуш:
1) жол куруу боюнча адис (темир жолдорду, автомобиль жолдорун, аэродромдордун учуучу-конуучу тилкелерин салуу, жолдорду жасалгалоо, жолдордогу көпүрөлөрдү, кабат жолдорду жана жасалма курулмаларды салуу).
17. Инженердик тармактарды жана системаларды куруу:
1) электр менен камсыз кылуу боюнча адис;
2) санитардык-техникалык иштер боюнча адис;
3) от казан орнотмолору боюнча адис;
4) газ менен камсыз кылуу боюнча адис;
5) муздак менен камсыз кылуу боюнча адис.
18. Технологиялык жабдууларды монтаждоо (ыктыярдуу сертификация):
1) технологиялык жабдууларды монтаждоо боюнча адис (технологиялык орнотмолордун, жабдуулардын, өткөргүч түтүктөрдүн ар кандай түрлөрүн монтаждоо).
19. Сапатты контролдоо:
1) имараттардын жана алардын курулмаларынын курулуштук конструкцияларын аткарууда сапатты контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча адис;
2) инженердик тармактарды жана системаларды, алардын курулмаларын курууда сапатын контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча адис;
3) ширетүү жумуштарынын сапатын контролдоо боюнча адис.