Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-февралы №80
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимди сактоо жана мамлекеттик чек араны коргоого катышкан мамлекеттик контролдоочу органдардын иштерин макулдашуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежеси бекитилсин.
2. Адамдарды, транспорт каражаттарды, жүктөрдү жана башка мүлктү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө катышуучу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режимдин сакталышын камсыздоочу мамлекеттик контролдоочу органдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежелеринин тийиштүү түрдө аткарылышын камсыздашсын.
3. Өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара режимин жана өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо маселеси боюнча иштерин координациялоо чек аралык контролдоо органдарынын жетекчилерине, бажылык контролдоо зонасындагы режимди сактоо боюнча - бажылык контролдоо органдарынын жетекчилерине, өндүрүштүк жана чарбалык иш маселелери боюнча - өткөрүү пункттарынын администрацияларынын жетекчилерине тапшырылат.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |