Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 80 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежеси
1. Бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимди сактоо эрежеси (мындан ары - Режимди сактоо эрежеси) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө», «Калктын санитардык эпидемиологиялык бакубаттыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргаз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык, автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарында адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктөрдү контролдоонун чек аралык, бажылык жана башка түрлөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан-(1).
Өткөрүү пункттарындагы режим төмөнкүлөрдү камтыйт: адамдардын жана транспорт каражаттарынын өткөрүү пунктуна киришин, болушун, алга жылышын жана андан чыгышын; товарларды, жүктөрдү жана башка мүлктү алып келүүнү, анда болууну жана алып чыгууну, ошондой эле контролдоонун чек аралык, бажылык жана башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүү кызыкчылыгында гана белгиленүүчү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү менен байланышкан башка иштерди.
2. Өткөрүү пункттарынын чектери чек аралык жана бажылык контролдоонун зонасы болуп эсептелет, алардын чек аралары дал келиши мүмкүн.
3. Өткөрүү пункттарынын аймагын кайтаруу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын подразделениелеринин күчтөрү жана каражаттары менен алардын ортосундагы макулдашылган тартипте ишке ашырылууга тийиш.
4. Өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу орган тарабынан өткөрүү пунктунун-(2) администрациясы менен макулдашуу боюнча түздөн-түз контролдоонун чек аралык, бажылык жана башка түрлөрү жүргүзүлүүчү аймактар, жолдор, жайлар жана орундар аныкталат.
5. Бул Режимди сактоо эрежеси жүргүнчүлөрдү жана товарларды автомобиль жана темир жол транспорту менен эл аралык ташууну ишке ашыруучу, ошондой эле алардын иштешин камсыз кылуу менен байланышкан өткөрүү пункттарында иштерди жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, ишканалардын жана уюмдардын, кызмат адамдарынын алардын таандыктуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан аткаруусу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
6. Эл аралык каттамдын автомобиль жана темир жол транспорт каражаттары (поезддер, вагондор) чет өлкөгө чыгууда (жөнөтүлүүдө) же чет өлкөдөн кирүүдө (келүүдө) чек аралык жана бажылык контролдоо органдарынын кызматкерлеринин уруксаты менен гана адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө катышуучу башка мамлекеттик контролдоочу органдардын өкүлдөрүнүн макулдугу боюнча кыймылды баштайт же турган ордун өзгөртө алышат.
Мамлекеттик контролдоочу органдар транспорт каражаттарын негизсиз кармоого жол бербөөгө милдеттүү (жүргүнчүлөр жана жүк поезддерин алардын кыймылынын графигинде каралган убакыттан ашыкча).
7. Эл аралык каттамдын автомобилдик транспорт каражаттарына жана поезддерине (вагондорго, контейнерлерге) жүктөр жана жүргүнчүлөр поезддеринин-(3) кызматкерлерин тейлөөчү станциялардын кызматкерлерин, жүктөрдү ташуучуларды же экспедиторлорду кошпогондо чек аралык жана бажылык контролдоо жүргүзүү мезгилинде бөтөн адамдардын киришине тыюу салынат. Мында тосуп алуучу же узатуучу адамдарга чет өлкөгө кетүүнүн алдында (чет өлкөдөн келгенден кийин) контролдоонун чек аралык, бажылык жана башка түрлөрүнөн өткөн (өтпөгөн) жүргүнчүлөр отурган жайларга өтүүгө уруксат берилбейт.
8. Эл аралык каттамдагы поезддерден (вагондордон) чек ара станцияларында жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана отургузуу, ошондой эле жүктү, почтаны жана башка мүлктү жүктөө (түшүрүү) башка мамлекеттик контролдоочу органдардын өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча чек ара контролунун жана бажы органдарынын подразделениелеринин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
9. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында өткөрүү режими киргизилет. Өткөрмө Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын подразделениелеринин жетекчилиги тарабынан эл аралык каттамдагы поезддерди (вагондорду, контейнерлерди) - жана жүргүнчүлөрдү тейлөө менен иштеген адамдарга жана бажы органдарынын кызматкерлерин кошпогондо мамлекеттик контролдоочу органдардын кызматкерлерине берилет. Бул өткөрмө аталган адамдарга режимдик аймактагы өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарган жерлерде гана болууга укук берет.
Поезддик бригадалардын кызматкерлери, поездди тейлөөчү вагон-ресторандардын жана жүк вагондорунун кызматкерлери үчүн өткөрүү пунктуна өткөрмө болуп Кыргыз темир жолунун кызматтык күбөлүгү эсептелет. Мында поезддик бригадалардын кызматкерлеринде мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү жарактуу документтери-(4) болууга милдеттүү.
10. Эл аралык каттам үчүн ачылган өткөрүү пункттарында чек аралык контролдоо подразделениесинин жетекчилиги жылына эки жолудан кем эмес кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин (Кыргыз темир жолунун администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин транспорттогу ички иштер бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, бажы органдарынын жана башкалардын) катышуусу менен өткөрүү пункттарында белгиленген режимдин абалына жана натыйжалуулугуна комиссиялык комплекстүү текшерүүнү уюштурат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мөөнөтүн көрсөтүү менен бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары аткарышы үчүн милдеттүү болгон чараларды көрүү үчүн акты түзүлөт.
11. Ушул Режимди сактоо эрежесине ылайык бажы жана чек ара кызматы органдары өткөрүү пунктунун администрациясы жана башка мамлекеттик контролдоочу органдар менен макулдашуу боюнча жергиликтүү шарттарды эске алуу менен мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режим маселелерине тиешелүү биргелешкен буйруктарды (нускамаларды) чыгарышат.
12. Өткөрүү пунктунун аймагына транспорт каражаттарынын-(5) кириши жана адамдардын өтүшү, ошондой эле башка: товарларды, жүктөрдү жана материалдык баалуулуктарды алып келүү (алып чыгуу) жана чыгаруу чек нарядынын контролдоосу менен ушул макраттар үчүн белгиленген жана жабдылган жайларда жүргүзүлөт.
13. Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү өткөрүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасына келүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу укугуна жарактуу документтер, товарларга жана транспорт каражаттарына, жүктөргө жана башка мүлккө документтер эсептелет.
14. Контролдоо зонасынан сырткары жабдылган, атайын бөлүнгөн токтотмолордун аймагына жеке автотранспортту жайгаштырууну кошпогондо, жеке автотранспорттун өткөрүү пунктунун аймагына киришине (мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчүлөрдү кошпогондо) жана аны өткөрүү пунктунун аймагына жайгаштырууга жол берилбейт. Мамлекеттик контролдоочу органдардын атайыи жана жеке автотранспортун токтотуучу жай макулдашылган тартипте аныкталат. Өткөрүү пунктунун аймагынын чегинде автотранспорттун өтүшү чет өлкөдөн келаткан транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана өткөрүү пункттарында режимди сактоого тийиш.
15. Мамлекеттик контролдоочу органдардын кызматкерлери, өткөрүү пунктунун дайыма иштөөчү персоналы, башка уюмдардын кызматкерлери белгиленген үлгүдөгү өткөрмөлөрү болгондо (№ 1 тиркеме) жана мамлекеттик контролдоочу органдардын начальниктери тарабынан түзүлүүчү сменанын графигине ылайык өткөрүү пунктунун аймагына, чек аралык, бажылык контролдоо зоналарына жана башка объекттерге өткөрүлөт. Бул өткөрмө аталган адамдарга режимдик эреже белгиленген чектердеги аймактардагы алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарган жерлерде гана болууга укук берет.
Өткөрүү пункттарына тоскоолдуксуз кирүү укугуна министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын жетекчилери, аймагында өткөрүү пункттары жайгашкан облустардын, райондордун администрация башчылары жана алардын орун басарлары, ошондой эле Кыргыз темир жолунун жетекчилери ээ болушат.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматчылары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин кызматкерлери тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери кол койгон өздүк күбөлүгү жана тапшырмалары (командировкалык күбөлүк) боюнча өткөрүү пунктунун аймагына өткөрүлөт.
16. Ушул өткөрүү пунктунда дайыма иштебеген адамдар убактылуу өткөрмө (№ 2 тиркеме) жана ким экендигин ырастоочу документтери боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн анын аймагына өткөрүлөт.
17. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын, атайын, укук коргоочу жана фискалдык органдардын, прокуратуранын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы менен макулдашуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан кол коюлган кызматтык күбөлүгү жана тапшырмалары (командировкалык күбөлүк) боюнча өткөрүү пунктунун аймагына конкреттүү кызматтык тапшырманы аткаруу үчүн өткөрүлөт.
18. Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин өкүлдөрү эл аралык укуктун нормаларына ылайык алардын мамлекеттеринин атынан келген жарандар (букаралар) менен жолугушуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген дипломатиялык аккредиттелген карточкалар боюнча өткөрүү пункттарынын аймагына өткөрүлөт.
19. Өрт өчүрүү-куткаруу топтору, авариялык куткаруучу командалар, издөө жана авариялык куткарууну камсыз кылуу кызматынын кызматкерлери, санэпидемкызмат органынын өкүлдөрү, медициналык тез жардам бригадалары ким экендигин ырастоочу жана ушул өткөрүү пунктуна тиешелүү чакырууну ырастоочу документтери боюнча өрт өчүрүү, аварияларды, өзгөчө кырдаалдарды, башка табигый кырсыктарды жоюу, ошондой эле жапа чеккендерди жана катуу ооругандарды эвакуациялоо үчүн өткөрүү пункттарынын аймагына өткөрүлөт.
20. Кыргыз Республикасынын мамлекетгик чек арасы аркылуу өтүүчүлөрдү кошпогондо ремонт иштеринде пайдаланылуучу материалдык баалуулуктарды, жабдууларды, материалдарды, запастык бөлүктөрдү, транспорт каражаттарын жана тамак-аш азыктарын алып келүү (алып чыгуу) чек ара жана бажы органдарынын макулдугу боюнча жүргүзүлөт.
21. Жүргүнчүлөр поезддеринин начальниктери жана вагондорунун узатуучулары мезгил мезгили менен бараткан жолдо, ошондой эле мамлекеттик чек арадан өтүүнүн алдында вагондогу адам жашынып калышы мүмкүн болгон жерлерди кароого жана кароонун жыйынтыгы жөнүндө темир жол станциясына келгенде чек аралык контролдоо подразделениесинин өкүлдөрүнө маалымдоого милдеттүү.
22. Эл аралык вагондордун узатуучулары жүргүнчүлөр поезди Кыргыз Республикасынын чек ара темир жол станциясына келээрдин алдында (ал эми поезд чек ара темир жол станциясына түнкү убакытта келген учурдакелгенге чейин 20 мүнөт мурда жүргүнчүлөрдү ойготууга милдеттүү) мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген жарактуу документтерин (эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса виза коюлган паспортун) даярдоолору үчүн жүргүнчүлөргө алдын ала билдириши керек.
23. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен өтүп бараткан эл аралык каттамдагы поезддердин жүргүнчүлөр вагондорундагы люктар жана аккумулятордук ящиктер алар каралгандан кийин дежур узатуучунун катышуусунда чек аралык контролдоо подразделениелеринин өкүлдөрү тарабынан белгиленген тартипте пломбаланышы мүмкүн. Эл аралык каттамдагы жүргүнчүлөр поезддери бригадаларынын мүчөлөрү чек аралык контролдоо жана бажы органдарынын подразделениелеринин өкүлдөрүнүн талабы боюнча темир жол транспорт каражатындагы бардык кызматтык жайларды, шкафтарды, люктарды жана башка жерлерди караш үчүн ачууга (жабууга) жана көрсөтүүгө милдеттүү.
24. Жүк вагондорунда аларга экспорттук жүктөрдү жүктөөнүн жана эшиктерди пломбалоонун алдында бардык люктар ичинен илинип, ишенимдүү жабылууга тийиш.
25. Жүргүнчүлөр вагондорунун узатуучулары, жүргүнчүлөр поезддеринин начальниктери, контролер-текшерүүчүлөр поезд келгенге чейин жүргүнчүлөрдүн жүрүүчү документтеринии жана анын негизинде жүрүү билеттерин сатып алган документтеринин болушун текшерүүгө милдеттүү.
26. Чек ара зонасынын чектеринде жүк поездин коштоочу аскердештирилген күзөт ал коштоп бараткан транспортто бөтөн адамдардын жүрүшүнө жол бербөөгө милдеттүү. Транспорт каражаттарында мыйзамсыз бараткан адамдар поездден түшүрүлүүгө жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын өкүлдөрүнө же ички иштер органдарына өткөрүп бериши керек.
27. Поезддик бригада эл аралык каттамдагы поезддерде белгиленген тартипти сактоодо чек аралык жана бажылык контролдоону өзүнүн кызматтык милдеттеринин алкагында гана так аткарууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.
28. Бардык транспорт каражаттарынын жана жөө адамдардын өткөрүү пунктунун аймагындагы кыймылы «Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелерине жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга берүү боюнча негизги жоболоруна жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча» кызмат адамдарынын милдеттерине карама-каршы келбөөгө тийиш.
29. Санитардык-карантиндик, чек аралык, бажылык, транспорттук жана фитосанитардык контролдон өткөрүү үчүн автотранспорт каражаттарын токтотуу өткөрүү пунктунун аймагында ушул үчүн белгиленген жерлерде гана жүргүзүлөт.
30. Чет өлкөгө бараткан автотранспорт каражаттары жана анда бара жаткан адамдар аларга карата контролдоонун бардык түрлөрү жүргүзүлүп бүткөндөн кийин өткөрүү пунктунун аймагынан жөнөөгө жана тиешелүү түрдө чектеш мамлекетке же Кыргыз Республикасына кетүүгө тийиш.
Өткөрүү пункттарында чет өлкөгө бараткан таризделген автотранспорт каражаттарын кармап турууга, контролдоонун ар кандай түрлөрүн ишке ашыруу менен байланышпаган жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
31. Кыргыз Республикасынан чыгууда жана Кыргыз Республикасына келүүдө транспорт каражаттарына жүргүнчүлөрдү отургузуу (түшүрүү), ошондой эле кол жүгүн, почтаны жана жүктү жүктөө (түшүрүү) саламаттык сактоо жана фитосанитардык контролдоочу органдарынын өкүлдөрүнүн макулдугу боюнча чек ара жана бажылык контролдоо органдарынын уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
32. Контролдоонун чек аралык, бажылык жана башка түрлөрүнөн өтүүдө автотранспорт каражатынын айдоочусуна кабинадан чыгып кетүүгө, кыймылдаткычты иштетүүгө, кыймылды баштоого, ошондой эле контроль жүргүзүп жаткан органдын өкүлдөрүнүн уруксатысыз турган ордун алмаштырууга уруксат берилбейт.
33. Өткөрүү пунктунун аймагындагы жана имаратындагы бардык адамдар белгиленген санитардык-эпидемияга каршы нормаларды жана эрежелерди сактоого милдеттүү.
34. Айдоочу же транспорт каражатына жооптуу адам контролдоонун чек аралык, бажылык, санитардык-карантиндик, фитосанитардык, транспорттук жана башка түрлөрү органдарынын өкүлдөрүнүн талабы боюнча транспорт каражатын же андагы ташылып келаткан товарларды кароо жана зарыл болгон текшерүү аракеттерин жүргүзүү үчүн берүүгө милдеттүү.
Эскертүү: Эгерде эл аралык автомобилдик каттамдар жөнүндө макулдашууда же келишимде жүргүнчүлөрдү же жүк жүргүнчүлөрдү ташуу менен иштеген ташуучуга мамлекеттик чек арадан өтүүдө контролдоодон өтүү талонунун болушуна көрсөтмө берилсе, анда муну конкреттүү өткөрүү пунктунан өтүүнү жөнгө салуучу нормативдик документтерди иштеп чыгууда эске алуу зарыл.
35. Чек аралык контролдоо органдары өткөрүү пункттарында Режимди сактоо эрежесин Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын жана өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан уюмдардын кызматкерлеринин аткарышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарынын жана милдеттеринин чектеринде контролдоо жүргүзөт.
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- өткөрүү пунктунун аймагына, өткөрүү пунктунда жайгашкан уюмдардын объекттерине жана административдик имараттарына белгиленген эрежени бузуп кирүүгө;
- өткөрүү пунктунун режимдик аймагында белгиленген документсиз, мөөнөтү өтүп кеткен, жараксыз документ менен, ошондой эле жарактуулук мөөнөтү али баштала элек документ менен болууга;
- чек аралык контролдоо органынын кызматтык жайларында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүп бараткан адамдардын документтерин текшерүүчү жайларда болууга, чек аралык контролдоо органынын уруксатысыз паспорттук контролдоо кабиналарына кирүүгө;
- тиешелүү коштоочу документи жок материалдык баалуулуктарды, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү пунктунун аймагынан алып чыгууга (алып кирүүтө);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тиешелүү уруксаты жок ок атуучу куралды, жарылгыч заттарды жана башка кооптуу жүктөрдү өткөрүү пунктунун аймагына алып кирүүгө (алып чыгууга);
- өткөрүү пунктунун режимдик аймагында жайгашкан кызматтык, көмөкчү жана башка жайларда жашоого;
- чек аралык контролдоо органынын уруксаты жок чек аралык контролдоо жүргүзүлүүчү жайларга, ал эми бажылык контролдоо жүргүзүлүүчү жерлерге - бажы органдарынын уруксатсыз жакындоого;
- Кыргыз Республикасына келүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка кетүүчү транспорт каражаттарынан кандайдыр бир буюмдарды чек аралык формалдуулуктар бүткөнгө жана бажылык тариздөө жана/же бажылык контролдоо аяктаганга чейин берип жиберүүгө;
- белгиленген тартипти бузуу менен өткөрүү пункттарына(нан) адамдарды коштоп барууга (транспорт каражаттарына, жүктөргө чейин узатып барууга);
- жумуш эмес убакытта өткөрүү пунктунун контролдонуучу зонасына кирүүгө;
- өткөрүү пунктунун аймагы боюнча мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп бараткан транспорт каражаттарынын санкцияланбаган кыймылына, транспорт каражаттарынын токтотуу ордун алмаштырууга, андан жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө жана отургузууга, ошондой эле жүктөрдү, кол жүгүн жана башка мүлктү жүктөөгө жана түшүрүүгө;
- жайларга, чет өлкөгө бараткан автотранспорт каражаттарына жана чек ара жана бажы контролу ишке ашырылуучу башка жерлерге санкциясы жок кирүүгө;
- коомдук тартипти бузууга;
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын уруксатысыз өткөрүү пунктунда жана ага чектеш аймактарда фотожана видео сүрөткө тартууларды ишке ашырууга жана жүргүзүүгө;
- мамлекеттик контролдоочу органдардын өкүлдөрүн өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда шылдыңдаган, өткөрүү пунктунда алкоголдук же баңгизатка мас абалында болгон, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
36. Өткөрүү пунктундагы режимдин бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
| Автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимге № 1 тиркеме |
Сүрөт Ф______________ үчүн орун А______________ 3x4 А______________
М.О. Чек аралык контролдоо бөлүмүнүн (чек аралык контролдоо бөлүмчөсүнүн, контролердук посттун) начальниги
Берилген күнү | Өткөрмө №_______________ 20 жылдын »__» _____________чейин жарактуу.
Мөөнөтү 20 жылдын «__» _______чейин узартылды
М.О. Колу | |||
|
|
|
|
|
Эскертүү:
1. Өткөрмөнүн өлчөмү 6x20 см.
2. Биринчи чакмакта бүткүл өткөрүү пункту боюнча жүрүү укугу жөнүндө белги, экинчисинде - кирүүгө уруксат берилген аймак, үчүнчүсүндө - өткөрүү пунктуна кирүү убактысы (сутка бою, белгилүү күнгө чейин) көрсөтүлөт, төртүнчүсүнө - өткөрмө ээсинин өздүк колу коюлат.
___________________
(1) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары деп темир жол, автомобиль вокзалынын, бекетинин чегиндеги аймак, ошондой эле атайын жабдылган жайлар түшүнүлөт, мында мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоонун чек аралык, бажылык ж.б. түрлөрү жүргүзүлөт. («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 токтому)
(2) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө жобонун 6.1-пунктуна ылайык өткөрүү пунктунун администрациясы болуп темир жол вокзалынын, бекетинин жана башка транспорт уюмдарынын начальниктери эсептелет.
(3) - Жүргүнчүлөр/жүк поезддеринин тейлөөчү кызматкерлери деп локомотив бригадаларынын, жүргүнчүлөр поезддик бригадаларынын кызматкерлери, вагондук, жол чарба кызматкерлери, сигналдаштыруу, байланыш жана электр менен жабдуу системасымын кызматкерлери, жүктөрдү коштоочулар, Кыргыз темир жолунун аскерлештирилген күзөтүнүн кызматкерлери, кыймыл коопсуздугу боюнча жана маневрлик бригадалардын ревизорлору тушүнүлөт.
(4) - Жарактуу документ - ким экендигин ырастоочу документ, анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары аныктаган үлгүгө туура келет, тиешелүү түрдө таризделген жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, мөөнөтү өтүп кетпеген, көрсөтүүчүгө таандык жана жасалмалары болбоого тийиш. («Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 мыйзамы).
(5)-Транспорт каражаты деп контейнерлерди жана башка транспорттук жабдууларды кошкондо жүргүнчүлөрдү жана товарларды эл аралык ташуу үчүн пайдаланылуучу ар кандай каражат түшүнүлөт.
| Автомобиль, жөө адам жана темир жол өткөрүү пункттарындагы режимге № 2 тиркеме |
Ф_______________________ А_______________________ А_______________________
Паспорт сериясы___ №____ 200__жылдын »__»________чейин жарактуу
М.О. Чек аралык контролдоо бөлүмүнүн (чек аралык контролдоо бөлүмчөсүнүн, контролердук посттун) начальниги
200__жылдын «__»________ | № ________________ | |||
|
|
|
| |
| ||||
Эскертүү:
1. Өткөрмө бир айга чейинки мөөнөткө берилет.
2. Өткөрмөнүн өлчөмү 6x8 см.
3. Биринчи чакмакта бүткүл өткөрүү пункту боюнча жүрүү укугу жөнүндө белги, экинчисинде - кирүүгө уруксат берилген аймак, үчүнчүсүндө - өткөрүү пунктуна кирүү убактысы (сутка бою, белгилүү күнгө чейин) көрсөтүлөт, төртүнчүсүнө - өткөрмө ээсинин өздүк колу коюлат.