Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 13-февралы №126

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө

Исмаилов Мурат Аманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин кызматынан бошогонуна байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 12-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө" токтому менен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындалган Исмаилов Мурат Аманович Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамынан чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич бир жыл мөөнөт менен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңешке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн мүчө болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов