Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-марты №140
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тамеки буюмдарына акциздик салыктарды башкаруу жол-жоболорун өркүндөтүү жана тамеки рыногунда чекене баалардын мониторингин өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген тамеки буюмдарына орточо рыноктук бааларды ай сайын мониторингдөө жана тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган токтом менен бекитилген тамеки буюмдарына категориялар боюнча чекене баалардын диапазону ушул токтомдун № 2 тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140 токтомуна №1 тиркеме |
Тамеки буюмдарына орточо рыноктук бааларды ай сайын мониторингдөө жана тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин комплекстүү талдоо бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин акциздик салыктарды контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармасынын тарифтик жөнгө салуу жана салыктар бөлүмүнүн начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин салык салуу, тарифтик жөнгө салуу жана ДСУ маселелери бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин фискалдык саясат башкармасынын салык саясаты бөлүмүнүн начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармасынын фискалдык мыйзамдар жана баалоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институтунун стандартташтыруу башкармасынын эл аралык стандарттар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын тамеки тармагы боюнча башкармасынын начальниги (макулдашуу боюнча);
- "Реемтсма-Кыргызстан" ачык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Top №otch" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
- "Алкозай СЭЗ" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |
| Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140 токтомуна №2 тиркеме |
Тамеки буюмдарына категориялар боюнча чекене баалардын ДИАПАЗОНУ
┌─────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────────┐
│ Тамеки │ Тамеки буюмдарынын тиби │ 1 кутуга чекене │
│ буюмдарынын │ │ баанын диапазону │
│категориялары│ │ │
├─────────────┼─────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│ I │чыпкасыз, папиростор │бардык чекене баалар │
├─────────────┼─────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│ II │чыпкалуу │10,00 сомго чейин чекене баа │
├─────────────┼─────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│ III │чыпкалуу │10,01 сомдон 16,00 сомго │
│ │ │чейин чекене баа │
├─────────────┼─────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│ IV │чыпкалуу │16,01 сомдон 24,00 сомго │
│ │ │чейин чекене баа │
├─────────────┼─────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│ V │чыпкалуу │24,00 сомдон жогору чекене │
│ │ │баа │
├─────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────────┤
│Эскертүү: Сигареттер жана сигариллалардан V категориясы боюнча │
│акциздик салыктар алынат. │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |