Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-марты №148
"Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун тогузунчу абзацы алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобого:
Жобонун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги" деген тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1.9-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте дайындалат.";
- бешинчи абзацтагы "кызмат мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги менен макулдашуу боюнча жож баш ийген мамлекеттик орган тарабынан кайра чакыртылып алынат" деген сөздөр "мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацта:
биринчи сүйлөмдөгү "мөөнөтү бүтө электе кызматынан кайра чакыртылат" деген сөздөр "мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмдөгү "кайра чакырылган" деген сөздөр "бошотулган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жетинчи жана сегизинчи абзацтар алып салынсын;
2.3-пунктта ", Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги, Кыргыз Республикасынын башка министрликтери менен мамлекеттик комитеттери" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кесиптик жогорку билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 327 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- карамагында мамлекеттик жогорку окуу жайлары бар мамлекеттик органдардын катышуусу менен эки айлык мөөнөттө мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен түзүлүүчү типтүү эмгек келишимин иштеп чыксын жана бекитсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |
|
|