Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 209
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомунун редакциясына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
1.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.7. Жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар, педагогдук жана башка кеңештер же комитеттер билим берүү уюмдарын өз алдынча башкаруунун формасы болуп саналат.";
- 1.9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси (ректору) альтернативдик негизде мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамаатынын жалпы жыйынында илимий даражасы жана наамы, ошондой эле тиешелүү квалификациясы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланат.";
- 4.1-пунктундагы "Бардык кызыгуучу мамлекеттик башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.5-пункту "белгиленген чегинин негизинде" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4.14, 6.2, 6.3, 6.4-пункттарында жана 7.7-пунктунда түрдүү жөндөмөдөгү "Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө жобо;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 557 токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|