Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-марты №168
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилик жаатындагы мыйзамдарын "Эсептик көрсөткүч жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., N 3, 290-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "бир айлык акчалай акыдан" деген сөздөр жана "эки айлык акчалай акы өлчөмүнөн" деген сөздөр "50 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү "эки айлык акчалай акы өлчөмүнөн" деген сөздөр "50 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "эки айлык акчалай акы өлчөмүнөн" деген сөздөр "100 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү "үч айлык акчалай акы өлчөмүнөн" деген сөздөр "150 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 8-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Бир айлык акыдан" деген сөздөр "200 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "бир айлык акысынан" деген сөздөр "200 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр алмаштырылсын.
4. 9-берененин 2-бөлүгүнүн акыркы сүйлөмү алып салынсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө кирген күндөн келип чыккан мамилелерге өзүнүн аракетин жайылтат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|