Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин
2011-жылдын 25-мартындагы № 266-V токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-марты № 1727-IV
Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз
Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана
чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 28-январындагы № 31 токтому) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин региондор аралык жана чек араларга чектеш жерлердеги кызматташтыгы боюнча кеңеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренеси менен каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланууга тийиш болгон келишимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттеринде макулдашуунун жол-жобосун бузууга мындан ары жол бербесин.
Төраганын орун басары | Ч. Баекова
|