Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-декабры № 4-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы Регламенти кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин оперативдүү камсыз кылуу жана ал тарабынан конституциялык ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо, парламенттик комитеттерди жана комиссияларды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2010-жылдын 27-июнунда референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинин (2006-жылдын 17-январындагы № 5, 2006-жылдын 11-майындагы № 84, 2006-жылдын 16-июнундагы № 90, 2006-жылдын 29-июнундагы № 93, 2006-жылдын 8-августундагы № 161, 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 179, 2007-жылдын 26-февралындагы № 20, 2007-жылдын 2-июлундагы № 95, 2007-жылдын 23-октябрындагы № 157, 2008-жылдын 25-январындагы № 1 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакциясында) колдонулушу ырасталсын.
Жыйналышка төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты |
Т.Балтабаев |