Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 3452- V Токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-июну № 3196-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат Султанбекова Чолпон Аалыевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты 2010-жылдын 23-декабрындагы № 36-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" жана 2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Келдибеков |