Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин
2012-жылдын 11-январындагы №1491-V токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 23-декабры №40-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин
2010-жылдын 29-декабрындагы № 81-V, 2011-жылдын 2-февралындагы № 140-V,
2011-жылдын 21-октябрындагы № 1238-V
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 143-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттар:
Галина Анатольевна Скрипкина - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Алмазбек Баатырбековнч Баатырбеков - Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Акылбек Үсөнбекович Жапаров - Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Замирбек Маданбекович Алымбеков - Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Азамат Абдуллажанович Арапбаев - Өнөр жай, энергетика жана, жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Исмаил Исакович Исаков - Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Туратбек Мадылбеков - Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Алтынбек Турдубаевич Сулайманов - Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Садыр Нургожоевич Жапаров - Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Жылдызкан Айтибаевна Жолдошова - Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Эркин Абдышевич Сакебаев - Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Дамира Абаскановна Ниязалиева - Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Исхак Айтбаевич Пирматов - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Чолпон Аалыевна Султанбекова - Жаштар саясаты, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Дастан Далабайевич Бекешев - Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Курмантай Абдиев - регламенти жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына шайлансын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 29-декабрындагы №81-V, 2011-жылдын 2-февралындагы №140-V, 2011-жылдын 21-октябрындагы №1238-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Төрага | А.Келдибеков |