Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы №1468-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-декабры №81-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын 23-декабрындагы №30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
"Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитет" деген сөздөр "Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет" деген сөздөр менен алмашылсын.
2. 2010-жылдын 23-декабрындагы №40-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
"Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр "Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр менен алмашылсын.
3. 2010-жылдын 23-декабрындагы №41-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
"Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр "Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр менен алмашылсын.
4. 2010-жылдын 23-декабрындагы №54-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
токтомдун аталышындагы жана текстиндеги "Транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр "Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин" деген сөздөр менен алмашылсын.
Төрага | А.Келдибеков |