Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2011-жылдын 11-февралы № 172-V
Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 19-майындагы № 474-V, 2011-жылдын 30-июнундагы № 889-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2014-жылдын 13-мартындагы № 3914-V, 2014-жылдын 23-октябрындагы № 4413-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Активдүү парламенттер аралык кызматташууга умтулуп жана Ислам Конференциясы уюмуна катышкан мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
А.Ш.Жээнбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;
Т.З.Зулпукаров;
Т.Бакир уулу, К.Т.Туманов;
М.Ю.Абдылдаев, Д.А.Жумабеков;
А.А.Досалиев;
Э.Б.Жумалиев;
Шаршеев Бакыт Октябрович.
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 19-майындагы № 474-V, 2011-жылдын 30-июнундагы № 889-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2014-жылдын 13-мартындагы № 3914-V, 2014-жылдын 23-октябрындагы № 4413-V токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
3. 2008-жылдын 14-февралындагы № 176-IV "Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
|
|
Торага | А. Келдибеков
|
|
| |
|
| |
|
| |