Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 889-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтор жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 11-февралындагы № 168-V "Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.И.Бакиров Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана бажылык жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
2. 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.А.Саматов, У.Т.Кочкоров, Э.А.Сакебаев, К.С.Дыйканбаев жана Н.Т.Арипов Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.А.Саматов жана Э.А.Сакебаев агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Дыйканбаев мамлекеттик курулуштун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тажрыйбасын иликтөө боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.Т.Кочкоров жана Н.Т.Арипов коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
3. 2011-жылдын 11-февралындагы № 172-V "Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Арипов Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
4. 2011-жылдын 11-февралындагы № 175-V "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А.Талиева жана Э.Б.Иманкожоева Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Ж.Рыспаев жана А.Ш.Султанов экономика, соода жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т.Мамытов жана Б.Шер эл аралык иштер боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А.Талиева жана У.А.Аманбаева маданий-гуманитардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Б.Иманкожоева жана А.С.Өмүрбекова укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
Төрага |
| А. Келдибеков |