Редакцияот 23.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 23-октябры № 4413-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген "Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө" Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 172-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Шаршеев Бакыт Октябрович киргизилсин.

2. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шаршеев Бакыт Октябрович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын.

 

 

  Төрага

А. Жээнбеков