Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели № 1882-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Т.Бабановдун отчетун угуп жана талкуулан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы иши канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурсун жана аларды чечүү боюнча айкын чараларды көрсүн:
1) фискалдык жана экономикалык саясат, бюджет жана финансы чөйрөсүндө:
- социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аткаруу тартибин күчөтүү, жетишилген ийгиликтерге сын көз менен кароо үчүн министрликтердин, ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилигин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурсун;
- социалдык кесепеттерди аттап өтүүгө багытталган 2012-жылга негизги болжолдонгон макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү аткаруу, өлкөдө финансылык жана экономикалык кризиске жол бербөө, өнөр жай өндүрүшүн турукташтыруу жана өлкөнүн экономикасын өнүгүүнүн туруктуу нугуна алып чыгуу, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын аткаруу боюнча баарын камтыган чараларды кабыл алсын;
- өлкөнүн экономикасын жарыя кылынган макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жеткирүү максатында, инфляцияны төмөндөтүү, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу жана баанын жалпы деңгээлин колдоо жана туруктуулугуна жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте макулдашылган акча-кредит жана бюджеттик салык саясатын жүргүзсүн;
- кредиттердин пайыздык ставкаларынын өлчөмдөрүнө чек коюуну белгилөө максатында өлкөнүн банк системасында пайда болгон проблемаларды чечүүдө Улуттук банктын көзөмөлдөөчү жана жөнгө салуучу иш-милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткаруусуна көмөктөшсүн, кредиттөөнүн банктык тажрыйбасына байланыштуу проблемаларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизсин жана банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында мыйзамдарды өркүндөтсүн;
- мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартууга оң таасир көрсөтүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алсын, бул максатта жогору пайыздык ставкалары бар баалуу кагаздарды чыгаруу практикасын жойсун;
- иш орундарын түзүү, өлкөдө мыкты инвестициялык климатты калыбына келтирүү жана бекемдөө, чарба жүргүзүүчү субъектилердин экономикалык эркиндигин мамлекеттик жөнгө салуу жана ошондой эркиндик берүү аркылуу коомдогу социалдык чыңалууну төмөндөтүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусу менен инвестициялык климатты жакшыртууга, бизнести жүргүзүү үчүн тоскоолдуктарды жоюуга, салык салуу системасын турукташтырууга жана салыктык тескөөнү өркүндөтүүгө багытталган келечектүү орто мөөнөттөгү жана узак мөөнөттөгү фискалдык саясаттын Концепциясын иштеп чыксын;
- бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотууга жаткан товарларга жеңилдиктерди берүүнүн кыйла ачык айкын механизмдерин кароо менен импорт боюнча бошотууларды кыскартуунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү карасын;
- өлкөнүн экономикасын Бажы бирлигинин шартына даярдоо үчүн экспорттун көлөмүн диверсификациялоо жана көбөйтүү максатында экономиканы түзүмдүк өзгөртүүгө багытталган комплекстүү иш-чараларды жүргүзсүн. Мындай учурда Бажы бирлигиндеги өлкөлөргө Кыргызстандан товарларды экспорттоонун бажылык жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн. Жумушчу орундарын түзүү жана квалификациялуу адистердин эмгек акысын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кечиктирилгис милдеттери болууга тийиш;
- 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү максатында, "Коммерциялык банктар жана микронасыялоо компаниялары тарабынан насыяларды берүүгө байланышкан маселелерди чечүү жөнүндө митингдин катышуучуларынын талаптары боюнча чаралар жөнүндө" 2011-жылдын 26-майындагы № 501-V, 2011-жылдын 30-июнундагы № 913 "Кыргыз Республикасында ыңгайсыз (көйгөйлүү) насыялар фондун түзүү жөнүндө", 2011-жылдын 28-октябрындагы № 1259-V "2010-жылы Ош шаарындагы Ош жана Жалал-Абад областтарындагы баш аламандыктардын мезгилинде жапа чеккен адамдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы боюнча баарын камтыган чараларды кабыл алсын;
- насыяларды алууда бюрократиялык тоскоолдуктарды (ар кандай маалымкаттарды жана документтерди) четтетүү менен "Фермерлерге жеткиликтүү насыялар" программасы боюнча насыялардын өз мезгилинде берилиши үчүн "Айылбанк" ААКсын жана "РСК Банк" ААКсын ойдогудай контролдоону камсыз кылсын;
- айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлери жок аймагында жашаган айылдык товар өндүрүүчүлөргө, дыйканчылыкты жана мал чарбачылыкты жүргүзүүгө каралган насыя каражаттары мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн толук көлөмдө берилсин;
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө", "Кыргыз Республикасында кумар оюнуна тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышы боюнча баарын камтыган чараларды кабыл алсын;
- "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун, туризм тармагын 2020-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясын жана туризм тармагын 2012-2014-жылдары өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын иштеп чыгууну кыска мөөнөттө аяктасын;
- "Аз камсыз болгон категорияга кирген жумушсуз жарандарды микронасыялоо тутумун кеңейтүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн критерийлерди жана негизги багыттарды иштеп чыксын;
- республиканын калкынын арасында терс кырдаалдарды болтурбоо максатында байланыштын уюк операторлорунун ашыкча кирешелерине 5 пайыз өлчөмүндө салык белгилөө, аны колдонуунун принциптери, тарифтерге тийгизген таасири жөнүндө маселелерди жарандык коомдоштук менен кеңири талкуулоо өткөрсүн;
- фонддук биржаларды түздөн-түз кеңейтүү менен жеке жактар тарабынан мамлекеттик баалуу кагаздарды алуунун жеткиликтүүлүгү жөнүндө маселени карасын;
2) экономика тармагын өнүктүрүү чөйрөсүндө:
- жакынкы мезгилге жана келечекке карата тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыксын;
- "Жерүй", "Талды-Булак Сол Жээк" кен чыккан жерлерин өздөштүрүү боюнча толук чараларды кабыл алсын;
- Баткен областынын аймагында жайгашкан жана "Өзбекнефтегаз" улуттук холдинг компаниясы тарабынан пайдаланылып жаткан "Түндүк Сох" жер алдындагы газ сактагычын, "Түндүк Сох" жана "Чонгара-Гальча" газ-нефть чыккан жерлерин кайрын алуу боюнча баарын камтыган чараларды кабыл алсын;
- ички рынокко контрафакттык продукциялардын алынып келишин токтотуу боюнча чараларды көрсүн;
- ата мекендик көмүр ишканаларында көмүр алуу көлөмүн көбөйтүү жана аларды ата мекендик керектөөчүлөрдүн бардык чөйрөлөрү үчүн пайдалануусун арттыруу боюнча чараларды кабыл алсын, ошону менен бирге Бишкек шаарындагы ЖЭБинин жана социалдык чөйрөнүн объектилеринин керектөөлөрү үчүн Казакстандан көмүр алып келүүнү кыскартсын;
- "Майлуу-Суу" электр лампа заводу" ААКсынын, "Хайдаркан сымап комбинаты" ААКсынын, "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКсынын, "Кристалл" ААКсынын жана "Бишкек машина куруу заводу" АКсынын ишканаларынын акцияларынын мамлекеттик пакетин натыйжалуу башкарууга жана өндүрүштүн кубаттуулугун пайдаланууга мониторинг жүргүзсүн жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрсүн;
- Борбордук Азия бириккен энерготутумуна көз карандысыз болгон өздүк тутумду түзүүгө багытталган "Датка" 500 кВ, ВЛ 220 кВ жана "Датка Кемин" ЛЭВ 500 кВ жана "Кемин" подстанцияларын толук көлөмдө өз учурунда каржылоо жана курулушун тездетүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- автомобиль жолдорун реабилитациялоонун жана оңдоонун сапаттарын таасирлүү контролдоону камсыз кылсын, Бишкек - Ош автомобиль жолунун белгиленген сапатка ылайыктуулугун жана жолдун кыртышынын техникалык параметрлеринин реабилитациялоо долбоорунун шарттарына дал келүүсүн аныктоо максатында текшерүү жүргүзсүн, ошондой эле берилген долбоорго ылайык Бишкек - Торугарт автомобиль жолун реабилитациялоону контролдоону күчөтсүн;
- эл аралык маанидеги "Түп - Кеген" автомобиль жолун реабилитациялоону улантуу үчүн республикалык бюджеттен 200 млн. сом издештирсин;
3) социалдык-саясат чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасын ишке ашырууга финансылык каражаттарды толук көлөмдө бөлүү жөнүндө маселени карасын;
- медициналык препараттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды мыйзамдарга ылайык сатып алуу боюнча тендерлерди жүргүзүүнү контролдоону күчөтсүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте айыл жерлеринде жана чакан шаарчаларда медициналык кадрлар менен чыңдоо маселесин чечсин;
- жүрөк-кан тамырлары, онкологиялык жана жугуштуу оорууларды, барынан мурда кургак учукту алдын алуу жана дарылоо жаатында мамлекеттик саясатты каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча олуттуу чараларды кабыл алсын;
- эмгек пенсияларынын эң төмөнкү өлчөмүн пенсионерлердин жашоо минимумуна жеткирсин;
- жашоо турмуштун наркынын индексинин өзгөрүшүнө байланыштуу аскер кызматчыларынын пенсиясын көтөрүү боюнча бирдиктүү чараларды көрсүн;
- калкты иш менен камсыз кылуу жана миграциялык саясат боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жарандарынын эмгектенүүсү үчүн тышкы эмгек миграциясынын формаларын кеңейтсин жана өркүндөтсүн;
- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын реформалоонун Концепциясын иштеп чыксын жана бекитсин;
- калкка социалдык жардам көрсөткөн учурда даректик мамиле жасоого бекем критерийлерди белгилесин, ошол эле учурда үй-бүлөнүн киреше жыйындысынын курамынан пенсияларды алып салуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
- "Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктардын жана тең мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүсүндө гендердик теңчиликти камсыз кылуу жаатындагы 10-беренесинин аткарылышын камсыз кылсын;
- аялдарга карата дискриминациялоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенцияны аткаруу тууралуу кезектеги мезгилдүү Улуттук баяндаманы даярдоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;
- 2020-жылга чейин гендердик өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иштеп чыксын;
4) агрардык сектор жана регионалдык өнүгүү чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусу менен агрардык сектордо, анын ичинде мал чарбасында жана дан чарбасында инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган орто мөөнөттөгү жана узак мөөнөттөгү келечекке багытталган агрардык саясат Стратегиясын иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын регионалдык саясатынын Концепциясын иштеп чыксын, 2011-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш айрым аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарына (Баткен областы) өзгөчө көңүл бурулсун;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына стимулдаштыруучу гранттарды берүү жөнүндө маселени карасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзсүн;
- адамдардын жашоосунун жана ден соолугунун, айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, курчап турган чөйрөнүн коопсуздугунун талаптарын жана нормаларын камсыз кылуу маселеси боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын бардык жерлеринин категорияларын жана түрлөрүн тактоо боюнча чараларды, айыл чарбасына жарактуу жерлердин кыртыштарын классификациялоону жана бонитировкалоону жана бонитировкалоо баллдарын кабыл алсын жана ишке ашырсын;
5) билим берүү, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө:
- республиканын балдар үйлөрүн жана мектеп-интернаттарын оңдоого 2012-2013-жылга республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды карасын;
- материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана зарыл керектүү заманбап оргтехника менен жабдуу маселесин карасын;
- жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин программаларына "ыйман" сабагын киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын бюджетин түзүп жаткан учурда 2014-жылдан баштап 500 сааттык (жылдык) программага келечекте өтүүгө багытталган 240 сааттык программаны алып барган педагогдордун эмгегине акы төлөөгө каражаттарды жыл сайын киргизсин;
- эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чараларды өткөрүү жана регионалдык спорттук мектептерди жана залдарды спорттук жабдуулар жана эмеректер менен жабдуу үчүн спорттук көп профилдүү объекттерди куруу маселесин карасын;
- социалдык багыттуулугун эске алуу менен жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн окуу китептерин ижаралоону кайра жандандыруу жөнүндө маселени карасын (социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөгү окуучулар үчүн окуу китептерин нускалоого бюджеттик каржылоо сакталсын);
- жыл сайын Кыргыз Республикасынын бюджеттин түзгөн учурда окуу китептерин нускалоого каражат белгиленсин;
- ата мекендик авторлорду милдеттүү түрдө тартуу менен заманбап жана адаптацияланган окуу китептерин чыгаруу маселесин карасын;
- 1-курска бюджеттик негизде кабыл алуу учурунда педагогикалык адистиктеги бүтүрүүчүлөр менен контракттарды түзүү аркылуу аларды ишке жайгаштыруу маселесин карасын;
- маданият объектилерин (опера жана балет театрын, маданий үйлөрдү, клубдарды, китепканаларды, эстеликтерди) оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн карасын;
- республиканын иштеп жаткан музейлер фондунун электрондук каталогун түзүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- маданият, өзгөчө региондордо маданият чөйрөсүн кадрлар менен комплекттөө жана алардын квалификациясын көтөрүү маселесин карасын;
- айыл жерлеринде китепканаларды заманбап адабияттар менен жаңылоо маселесин карасын;
- республиканын бардык областтарында архивдик документтерди сактоо шартын жакшыртуу маселесин чечсин, архивдик документтердин электрондук каталогун түзүү боюнча чараларды кабыл алсын;
- Жайыл, Кара-Буура, Ак-Талаа, Кочкор, Ала-Бука райондук архивдерин, Талас шаардык архивин, Талас, Баткен, Чүй областтык архивдерин капиталдык оңдоодон өткөрүү маселесин карасын;
6) сот-укук чөйрөсүндө:
- соттордун толук кандуу иштеп турушу жана судьялардын иштеши үчүн тийиштүү шарттарды түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан 2012-жылга соттордун бекитилген бирдиктүү бюджетине ылайык финансы каражаттарын бөлүү жөнүндө маселени карасын;
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө акчалай сый акыларды бөлүү боюнча маселени чечсин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин ишин каржылык, материалдык-техникалык камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
7) инвестициялык кызыктыруу чөйрөсүндө:
- визасыз режимдеги өлкөлөрдүн санын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара аракеттенүүдө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ар жылдык отчету үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин көрсөткүчтөрүн жана баалоо критерийлерин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө киргизсин;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн (экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий) жалпы мамлекеттик программаларынын долбоорлорун алардын техникалык-экономикалык негиздемеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын мындан ары үзгүлтүккө учурашына жол бербөө жана өз учурунда аткаруу боюнча чараларды кабыл алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ушул токтомдун аткарылышы боюнча жасалган иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 20-октябрына карата маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бир жумалык убакытта "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаган, ашыкча көлөмдө чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздардан Кыргыз Республикасынын 2011-жылдагы бюджетине келтирилген зыяндын суммасы тууралу корутунду берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык ушул токтомдун 4-пунктунда көрсөтүлгөн маселеге укуктук баа берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген комитеттердин карамагындагы маселелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков
|