Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну №2117-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы №1642-V токтому менен түзүлгөн "Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКы тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик контролдун абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы №1642-V токтому менен түзүлгөн Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКы тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик контролдун абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын (мындан ары - депутаттык комиссия) отчетун угуп жана талкуулап, глобалдык экологиялык кесепеттердин алдын алуу максатында жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу үчүн, тоо-кен өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнү жана Кыргызстандын эли менен кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууга умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттык комиссиянын отчету эске алынсын.
2. 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтор Голд Компани" ЖАКынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуу кыргыз элинин жана мамлекетинин кызыкчылыктарына өтө каршы келген, ошол кезде кыргыз Өкмөтүн башкарып турган жеке пайда көздөгөн адамдардын тобунун коррупциялык кызыкчылыктарында түзүлгөн макулдашуу катары табылсын.
3. Депутаттык комиссиясынын отчетунда белгиленген маалыматты ар тараптуу, толук жана калыс иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылдын 10-июлуна чейинки мөөнөттө курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Өкмөтүнүн өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн киргизүү менен мамлекеттик комиссия түзсүн.
4. Мамлекеттик комиссия:
2012-жылдын 1-октябрына чейин эл аралык эксперттерди тартуу менен Кумтөр кен чыккан жеринде "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКынын иши менен келтирилген экологиялык, өнөр жайлык жана социалдык зыянга баа берүү жүргүзсүн;
Кумтөр кен чыккан жерин иштетүү боюнча "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКынын ишинин долбоорлоо-сметалык, техникалык документтерин иликтесин;
Кумтөр кен чыккан жеринин башкаруучу компаниясынын башкармасындагы кыргыз тараптын өкүлдөрүнүн сандык жана сапаттык курамын тең укуктуу башталыштарда кайра карасын;
экономикалык жана экологиялык кызыкчылыктарды коргоо максатында 2012-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКсынын, "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын, "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКынын жана "Камеко" корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну, ошондой эле төмөнкүлөр бөлүгүндөгү башка ченемдик укуктук актыларды кайра кароого демилге көтөрсүн:
- Кумтөр кен чыккан жеринин экологиялык иш-чараларына жана жер участокторун рекультивациялоого чегерүүлөрдүн суммасын көбөйтүү;
- "Центерра Голд Инк." компаниясындагы кыргыз тараптын акцияларга ээ болуу үлүшүн кайра кароо жана аларды товардык продукциянын бөлүмүнө пайыздык катышта алмаштыруу;
- "Кумтөр" долбоорунун алкагында иштетилүүгө жаткан концессиялык аянтты кайра кароо;
- "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун алкагында долбоордук компанияларга берилген салыктык режимди кайра кароо;
- кирешелерди эл аралык стандарттарга ылайык бөлүштүрүүнүн формуласын кайра кароо;
- "Кумтөр" долбооруна байланышкан башка маселелер;
Кумтөр кен чыккан жери боюнча жасалган иш жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2012-жылдын 1-ноябрына чейин берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:
төмөнкүлөрдү жокко чыгаруу:
- 2010-жылдын 25-мартындагы №168 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна жерлерди берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун;
- 2009-жылдын 5-июнундагы №356 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-мартындагы №76 "Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругун уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун;
- 1997-жылдан тартып 2008-жылды кошуп алгандагы мезгилдин ичинде "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКынын жана "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын 1359 млн. сом өлчөмүндөгү мыйзамсыз жокко чыгарылган салыктык милдеттенмелерин калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 15-декабрындагы №684-б буйругун;
мамлекеттик комиссиянын ишин каржылоону жүргүзүү;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыз кылуу үчүн жооптуу мамлекеттик органды аныктоо;
"Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКынын эсебинен Балыкчы-Каракол автомобиль жолунун калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзсүн жана Кумтөр кен чыккан жерине чейинки узундугу 13 км технологиялык автомобиль жолуна асфальт-бетон төшөөнү жүзөгө ашыруу;
2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуудан кыргыз тараптын чыгуусу боюнча чечимдин долбоорун даярдоо;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын териштирүүсүнүн негизинде Кумтөр кен чыккан жери боюнча макулдашууларды түзүүгө кыргыз тараптан тиешеси бар адамдардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик төмөнкүлөрдү жокко чыгарсын:
13360 га Коенду лицензиялык аянтына "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКына берилген 2010-жылдын 1-сентябрындагы № 2646 АП лицензиясын;
50200 га Үч-Көл лицензиялык аянтына "Алтын Минералз" ЖЧКсына берилген 2010-жылдын 21-июнундагы №2665 АП лицензиясын;
Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКсынын, "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын, "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКынын жана "Камеко" корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык берилген башка лицензияларды.
7. "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган 2009-жылдын 12-июнундагы ПЖ №272 "Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн кызматташтык жөнүндө бардык макулдашууларды жана башка документтерди иликтесин, отчетто чагылдырылган "Кумтөр" долбоору боюнча укук бузуулардын фактыларын териштирүүнү (ведомстволор аралык тергөө-оперативдүү топ түзүү менен) жүргүзсүн жана аларга юридикалык баа берсин;
Кумтөр кенине байланыштуу мурда козголгон жазык иштери боюнча бардык жоголгон материалдарды калыбына келтирсин жана алар боюнча тергөө аракеттерин кайра жаңыртсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.М.Узакбаев), Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.А.Пирматов), Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Б.Баатырбеков) жүктөлсүн.
Төрага |
А.Жээнбеков |