Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-октябры № 2395-V
2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Өз ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери түзүлсүн:
Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет;
Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитет;
Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;
Эл аралык иштер боюнча комитет;
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет;
Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитет;
Социалдык саясат боюнча комитет;
Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;
Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет;
Бюджет жана финансы боюнча комитет;
Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет.".
Төрага | А. Жээнбеков |