Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-ноябры № 14-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй түзүмү бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 9 комитети.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй комитеттери түзүлсүн:
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети;
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети;
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети;
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети;
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети;
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети;
Бюджет жана финансы боюнча комитети;
Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө";
2012-жылдын 11-январындагы № 1468-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу;
2012-жылдын 2-февралындагы № 1586-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу;
2012-жылдын 22-февралындагы № 1653-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө";
2012-жылдын 14-мартындагы № 1730-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу";
2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу;
2012-жылдын 1-ноябрындагы № 2458-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу.
Төрага | А. Жээнбеков |