Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-декабры № 2643-V
2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы З.М.Асанкожоеванын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы З.М.Асанкожоеванын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
аракеттердин координациялануусун камсыз кылсын жана инфляцияны төмөндөтүү жана экономикалык өсүшкө дем берүү боюнча иштеги жоопкерчилик чөйрөсүн так аныктасын;
республиканын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь окуяларынын натыйжасында жабыр тарткандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча максаттуу фонд түзүү үчүн каражаттарды издеп тапсын;
жол берилген укук бузуулар үчүн банк кызматкерлеринин жоопкерчилигин күчөтүүнү караган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыксын;
2010-жылда өлкөдө болуп өткөн саясий жана экономикалык окуяларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коммерциялык банктардын жана микрофинансы уюмдарынын заемчуларынын проблемаларына карата токтомдорунун (2011-жылдын 26-майындагы № 501-V, 2011-жылдын 30-июнундагы № 913-V, 2011-жылдын 28-октябрындагы № 1259-V) тиешелүү түрдө жана өз убагында аткарылышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди, ошондой эле 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда белгиленген кемчиликтерди четтетсин;
баалардын жалпы деңгээлинин туруктуулугуна жетишүүнү камсыз кылуу үчүн катуу акча-кредиттик саясатты жүргүзсүн;
коммерциялык банктардын, банктык эмес каржы-кредиттик мекемелердин жана алардын кардарларынын кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү боюнча ишти улантсын. Жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтсүн;
өлкөнүн банктык секторунда пайда болуучу проблемаларды чечүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүк жана жөнгө салуучулук милдеттерин тиешелүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;
банктарга көзөмөлдү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларын өркүндөтсүн;
кредиттердин пайыздык ставкаларынын өлчөмдөрүнө чектөөлөрдү белгилөө максатында кредит берүүнүн банктык практикасы менен байланышкан проблемаларды четтетүү жана банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин;
күрөөнүн жүйөөсүнө жаза чараларды көрүүнүн соттон тышкаркы тартиби боюнча мыйзамдардын ченемдерин өзгөртүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин, мунун өзү өздөрү күрөөгө койгон мүлккө менчик укугунан соттон тышкары тартипте ажырап калышы мүмкүн болгон күрөөгө коюучулар үчүн мүмкүн болуучу коркунучтарды түзөт;
атайын режимдерде болгон коммерциялык банктарга карата тиешелүү чараларды көрсүн;
заемчулар менен кредит берүүчүлөрдүн ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу максатында республиканын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь окуяларынын жүрүшүндө жабыр тарткан коммерциялык банктардын жана микрофинансы уюмдарынын ар бир заемчусу менен жеке негиздеги ишти улантсын.
4. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды кайра түзүмдөштүрүү боюнча агенттиги (ДЕБРА):
төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн жана күрөөлүк мүлк менен камсыз кылынбагандыгынын айынан аларды тындыруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлүп жаткан, ЕӨРБНын багыты боюнча алынган кредиттерди кайтарып берүү бөлүгүндөгү банкрот болгон банктар боюнча соттук иштерди аяктоо боюнча максатка багытталган иш жүргүзсүн;
1991-1995-жылдардагы табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга республикалык бюджеттин каражаттарынан берилген кредиттерди эсептен чыгаруунун мүмкүнчүлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип карасын.
Төрага | А.Жээнбеков
|