Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы N 715 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 13-апрели № 201
Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Аскер комиссариаттары жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Күчүн жоготту деп эсептелишсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 14-апрелиндеги № 131 "Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 7-майындагы № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 14-апрелиндеги № 131 "Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Муралиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө Жобо
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824, 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттарын түзүү системасынын негизги принциптери, алардын баш ийүүсү, милдеттери, отчеттуулугу, каржыланышы жана камсыздалышы, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары менен өз ара байланышынын тартиби аныкталат.
2. Аскер комиссариаттары райондордогу, шаарлардагы аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824, 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Аскер комиссариаттары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары менен буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарына таянышат.
4. Аскер комиссариаттары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына чакыруу жана тартуу үчүн адамдык жана транспорттук ресурстарды даярдоо (жиберүү) жолу менен Кыргыз Республикасынын коргонуу тармагындагы маселелерди түздөн-түз чечишет.
5. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары менен макулдашуу боюнча райондордо жана шаарларда Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттарын түзөт.
Айрым учурларда бир нече аймактык түзүлүштөр үчүн бириктирилген аскер комиссариаттары түзүлүшү мүмкүн.
Чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызматка жана машыктыруучу жыйындарга уюштуруп жөнөтүү үчүн республикалык жыйым пункту жана жыйым пункттары түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824, 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Аскер комиссариаттарынын ишин коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгы уюштурат, анын начальниги бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Аскер комиссары болуп эсептелет.
7. Аскер комиссариаттары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитүүчү штаттар боюнча каржыланышат.
8. Аскер комиссариаттарынын штаттык кызмат орундарын аскер кызматкерлери жана граждандык кызматкерлер менен комплектилөөнү Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгы аскер комиссариаттарынын сунушу боюнча, алардын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитүүчү уюштуруу-штаттык структураларына ылайык жүргүзөт.
Аскер кызматкерлерин тандап алуу, аларды аскер комиссариаттарына кызматка дайындоо, ошондой эле аскер кызматкерлерин кызматтан бошотуу контракт боюнча аскер кызматын өтөөнүн тартиби жөнүндө жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
Аскер комиссариаттарынын аскер кызматкерлерин атайын даярдоо жана кайра даярдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлерин даярдоонун жалпы системасында, ошондой эле атайын курстарда жана жыйындарда жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824, 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Аскер комиссариаттары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдарына аскер комиссариатына тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн ишке тартылуучу аскер комиссариатынын күчтөндүрүү аппараты ((*) Эскертүүнү караңыз), адис врачтар, ортоңку медициналык кызматкерлер жана техникалык кызматкерлер, байланыш каражаттары, транспорттук жана башка материалдык каражаттар жөнүндө билдирет.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө аскер комиссариаттарында мобилизациялык жана эсепке алуу-чакыруу маселелери боюнча документтер менен иштөөгө аныкталган тартипте уруксат берилет.
10. Аскер комиссариаттарынын мобилизациялык даярдыгынын жана кызматтык ишинин абалын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүүчү комиссиялар текшерет. Текшерүү комплекстүү же айрым элементтер боюнча пландуу жана пландан тышкары тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824, 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Аскер комиссариаты юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аты жазылган мөөрү, ошондой эле банкта эсептик счету болот.
II. Аскер комиссариаттарынын негизги милдеттери
12. Аскер комиссариаттарынын негизги милдеттери:
- адамдык жана транспорттук ресурстарды мобилизациялоонун пландарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын мобилизациялык керектөөлөрүн Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жергиликтүү ресурстардын эсебинен канааттандыруу маселеси боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле мобилизациялык жайгаштыруу базасын ((**) Эскертүүнү караңыз) өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарыды толуктап комплектилөө боюнча Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын тапшырмаларын, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин өтүнмөлөрүн аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте мобилизациялык планда жана тапшырмада белгиленген мөөнөттө жана көлөмдө адам ресурстарын, техниканы мобилизациялык чакыруу жана аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагында адам жана техника ресурстарын мобилизациялоону моралдык-психологиялык камсыздоо боюнча ишти уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын мобилизациялык план боюнча гарантиялуу жана сапаттуу комплектилөө максатында адам жана техника ресурстарын топтоо;
- запастагы граждандарга, транспорттук каражаттары бар мекемелердин жетекчилерине мобилизациялоодогу, согуштук кырдаал абалындагы жана согуш учурундагы аракеттер жөнүндө мобилизациялык тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берүү;
- мекемелерге мобилизация болгондо техниканы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына өткөрүп берүүгө даярдоону пландаштырууга жардамдашуу жана мекемелердин аскердик-транспорттук милдеттерди аткаруусун көзөмөлдөө;
- байланыш органдары, байланыш мекемелери менен бирдикте алардын менчигинин түрүнө карабастан өзгөчө кырдаалдарда жана мобилизациялоо мезгилинде байланыш линиясын пайдалануунун тартибин иштеп чыгууга катышуу;
- жол кыймылынын коопсуздугун тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү менен бирдикте транспорт каражаттарынын техникалык абалын көзөмөлдөө жана текшерүү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мобилизация боюнча берүү үчүн аскердик комисссариаттардын тизмеси боюнча тандалып алынган техникага мамлекеттик техникалык кароо жүргүзүүгө катышуу;
- запастагы, аскердик комиссариаттарды согуштук мезгилдин штатына чейин толуктап комплектилөөгө арналган, аскер комиссариаттарынын күчтөндүрүү аппараттарына тартылуучу граждандар менен, жергиликтүү администрациялардын, мекемелердин кадрлык жана аскердик-эсептик органдарынын кызматкерлери менен, ошондой эле мобилизациялык иш-чараларды камсыздоо, Кыргыз Республикасынын граждандарын аскердик кызматка даярдоо, аларды чакырууга жана аскердик кызматка ыктыяры менен өтүшүнө даярдоо, ошондой эле аскердик жыйындарга чакыруу боюнча ишке тартылуучу адис врачтар, медициналык ортоңку кызматкерлер жана техникалык кызматкерлер менен практикалык сабактарды өткөрүү;
- мекемелерди мобилизациялык даярдыктын, аскердик эсепке алуунун жана брондоонун комплекстүү же айрым элементтери боюнча текшерүү;
- согуштук учурда граждандарды жалпыга милдеттүү үйрөтүүчү окуу пункттарын түзүү боюнча иш-чараларды пландоо;
- алгачкы аскердик каттоого алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары менен бирдикте запаста турбаган граждандарды аскердик жана альтернативалуу кызматка чакырууну уюштуруу;
- аскердик кызматтагы эмес граждандардын арасынан контракт боюнча аскердик кызматка өтүү, ошондой эле аскердик жыйындарга чакыруу үчүн кандидаттарды тандап алуу;
- граждандарды алгачкы аскердик каттоого алууда, аскердик же альтернативалуу кызматка чакырууда же аскердик кызматка өтүүсүндө, аскердик жыйындарга чакырууда Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары аларды өз учурунда медициналык күбөлөндүрүшүн, медициналык текшеришин жана медициналык кароодон өткөрүшүн камсыздоо;
- орто жана кесиптик билим берүү мекемелерине, коомдук бирикмелерге граждандарды аскердик кызматка милдеттүү түрдө жана ыктыярдуу даярдоого көмөктөшүү жана практикалык жардам көрсөтүү;
- граждандарды аскердик адистикке даярдоочу аскердик мекемелерге өтүшү үчүн тандап алуу;
- граждандарды эсепке алууну уюштуруу жана укук коргоо органдары менен бирдикте аскердик жана альтернативалуу кызмат өтөөдөн качкан же аскердик бөлүктү өз эркинче таштап кеткен адамдарга карата чара көрүү;
- аскердик кызматка чакырылуучу, запастагы, запаска катталбаган жана аскердик жана альтернативалуу кызматка чакырылбачу, бирок аскердик каттоого турууга милдеттүү граждандарды аскердик каттоого коюу, ошондой эле согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында пайдаланылышы мүмкүн болгон мекемелердин транспортторун жана граждандардын менчик транспорт каражаттарын, байланыш каражаттары менен жабдылган автомобилдерди эсепке алуу, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде эсептин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө;
- Кыргыз Республикасынын граждандарынын аскердик жана альтернативалуу кызматка чакырылуу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну тастыктоо;
- коопсуздук кызматтарынын органдарынын текшерүүсү үчүн материалдарды даярдоо жана запастагы, аскерге чакырылууга тийиш болгон граждандарды, ошондой эле граждандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө кызматка кирүү жана аскердик адистикке даярдоочу аскердик мекемелерге окууга өтүшү үчүн тандап алуу;
- Ата Мекенди коргоо боюнча же башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттерге, өзгөчө кырдаалдардын зонасында кыйроолордун, авариялардын кесепеттерин жоюуга катышып, запаста жүргөн граждандардын эсебин жүргүзүү; аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сыйлыктарды тапшыруу боюнча иштерди уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары, коомдук жана диний бирикмелери, жалпыга маалымдоо каражаттары менен аскер кызматкерлерин, аскердик кызматтан бошонгон граждандардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык-укуктук коргоо маселелери боюнча байланышта иштөө;
- аскердик кызматтан бошонгон граждандарга, аскердик кызматты өтөөдө курман болгон же өлгөндөргө, жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген жеңилдиктерди, гарантияларды жана компенсацияларды ишке ашырууга жардам көрсөтүү;
- аскердик кызматтан бошонгон граждандарга жана башка адамдарга алардын же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Улуу Ата Мекендик согушка, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге, башка согуштук аракеттерге катышканын, ошондой эле алган жаракаттын, контузиялардын, майыптыктын же контузиялардын аскердик кызматты өтөөгө байланышы бар экендигин аныктоо боюнча маселелерди чечүүдө далилдөөчү архивдик документтерди издөөгө жардам көрсөтүү;
- аскердик кызматты өтөөдө курман болгон же өлгөн аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө же туугандарына кабар берүү;
- аскердик гарнизон жок жерлерде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик кошуундарынын жана аткаруу бийлигинин аскердик кызмат караштырылган башка органдарынын аскер кызматкерлеринин жана ардагерлеринин сөөгүн коюуга жардам көрсөтүү жана сөөк коюуну уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдарынын, коомдук жана диний бирикмелердин Ата Журтту коргоодо курман болгондорду иликтөө жана эстелигин калтыруу боюнча иштерине катышуу;
- калкты аскердик-патриоттук тарбиялоого катышуу жана граждандардын аскердик кызматка ыктыярдуу өтүүсү үчүн маалыматтык-рекламалык ишти жүргүзүү;
- аскердик кызматтан бошонгон граждандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ишке орноштуруу кызматтары аркылуу кайра даярдыктан өтүүгө жана ишке орношууга жардамдашуу;
- аскердик кызматтан бошонгон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо жана социалдык тейлөө боюнча ишти уюштуруу; андай адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган пенсияларды, пособиелерди жана компенсацияларды чектөө жана алардын өз убагында жана туура төлөнүшүн көзөмөлдөө;
- аскер кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо, андай пенсионерлерге белгиленген укуктар менен жеңилдиктерди берүү маселеси боюнча мыйзамдарды түшүндүрүү ишин уюштуруу жана жүргүзүү;
- компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824, 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Аскер комиссарынын укуктары жана милдеттери
13. Аскер комиссары комиссариаттын кызматтык иш аракетин уюштурат жана анын ишине жетекчилик кылат.
14. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Райондун, шаардын аскер комиссары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын начальнигине баш ийет жана райондун, шаардын аскер комиссариатынын жекече курамынын түздөн-түз начальниги болуп саналат. Ал ага баш ийген жеке курамдын кызматтык милдетин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Аскер комиссары:
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат;
- коргонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын комиссияларынын жыйындарына катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча аскер комиссариатынын күчтөндүрүү аппаратын мобилизациялык иш-чараларды даярдоого жана аткарууга тартат;
- өз компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жаза берет, ал эми зарыл болгон учурда материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берет.
Аскер комиссары жеке начальник болуп саналат жана төмөнкүлөргө жооп берет:
- аскер комиссариатынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын уюштурууга жана кармап турууга;
- аскер комиссариатына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга;
- баш ийген жеке курамды командирлик даярдоону, тарбиялоону, аскердик тартипти жана моралдык-психологиялык даярдыгын уюштурууга;
- курал-жарактардын, аскердик техниканын, материалдык баалуулуктардын, так отчеттуулук бланктарынын жана аскер комиссариатынын күнүмдүк ишин жетектөө боюнча иштелип чыгуучу документтердин абалына жана сакталышына;
- мамлекеттик жана аскердик сырдын, аскер комиссариатындагы жашыруундуулук режиминин абалынын сакталышын камсыз кылууга;
- аскер комиссариатынын күчтөндүрүү аппаратын жана мобилизациялык жайгаштыруу базаларын даярдоого;
- баш ийген жеке курамды медициналык, финансылык, социалдык-укуктук жана турмуш-тиричилик жактан камсыз кылууга.
Аскер комиссары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- коргонуу жаатындагы мамлекеттин саясатын билүүгө жана аны ырааттуу түрдө турмушка ашырууга;
- жеке кесиптик даярдыгын жана аскер комиссариатын башкаруу ыкмаларын дайыма өркүндөтүүгө;
- кадрлар менен иштөөнү билгичтик менен жүргүзүүгө, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иштерге жетекчилик кылууга;
- күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты кармап туруу жана өркүндөтүү боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана алардын аткарылышына жетишүүгө, райондун, шаардын аймагында мобилизацияны өткөрүү планына зарыл өзгөрүүлөрдү жана тактоолорду өз убагында киргизүүгө;
- курал-жарак, аскердик техника жана башка материалдык каражаттар менен толук камсыз кылууга жетишүүгө, аларды туура пайдаланууну уюштурууга;
- аскер комиссариатын күжүрмөн даярдыктын ар кандай даражасына келтирүү боюнча иш-аракеттерде сабактарды, машыгууларды өткөрүү методикасын өркүндөтүүгө, жеке курамдын билим алышына жана өз милдеттерин аткарышына жетишүүгө;
- аскер комиссариатынын чыныгы абалын ар тараптан билүүгө, анын тизмедеги жана накта курамы жөнүндө, ошондой эле аскердик техниканын жана башка материалдык каражаттардын болушу жана абалы жөнүндө так маалыматтарды дайыма билүүгө;
- күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты уюштуруу боюнча милдеттерди пландаштырууга жана өз убагында коюуга;
- баш ийген офицерлердин кесиптик билимин, усулдук чеберчилигин жана педагогикалык маданиятын дайыма өркүндөтүүгө;
- жеке курам, күчтөндүрүү аппараты менен, анын ичинде кабарлоо пункттарында окууларды, машыгууларды, сабактарды жеке уюштурууга жана өткөрүүгө, жеке курамды окуу программасына толук катыштырууга жетишүү менен мобилизациялык ресурстарды жыйноого жана жөнөтүүгө;
- баш ийгендерге командирлик, мобилизациялык даярдыктын жүрүшүндө контроль жүргүзүүгө жана зарыл жардам көрсөтүүгө, даярдыкка атаандаштык принцибин, баш ийгендерди окутуу жана тарбиялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүүчү болгон жаңы, алдыңкыны нерселерди жайылтууга, окутуу үчүн шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, окуу-материалдык базаны өркүндөтүүгө;
- Ата мекенди коргоого моралдык жана психологиялык даярдыкты, Куралдуу Күчтөргө таандык экендиги үчүн сыймыктанууну жана жоопкерчиликти калыптандырууга жана кармап турууга, аскер кызматчыларында аскердик парзды аткаруу үчүн зарыл болгон сапаттарды, Аскердик анттын ыйыктыгын жана бузулбай тургандыгын түшүнө билүүнү, каармандыкты, чыдамкайлыкты, тапкычтыкты, кыраакылыкты, аскердик жолдошчулукту жана өз ара жардамдашуу сезимин өнүктүрүүгө, бул максаттарда өзүнүн тарбиясынын жеке үлгүсүндө, кызматка чын дилинен мамиле кылуунун, ошондой эле аскердик салттардын мисалдарын пайдаланууга;
- улуттар аралык карым-катнаштын маданиятын өркүндөтүүгө, аскердик жамаатты бириктирүүгө жана ар түрдүү улуттагы жоокерлердин ортосундагы достукту чыңдоо жөнүндө камкордук көрүүгө, алардын улуттук сезимдерин, салт-санааларын жана үрп-адаттарын эске алууга жана урматтоого;
- баш ийгендерге камкордук менен жана көңүл буруп мамиле кылууга, өз ара мамилелерде адепсиздикке жана оройлукка жол бербөөгө, алардын жеке кадыр-баркын урматтоо менен жогорку талап коюучулукту жана принциптүүлүктү айкалыштырууга, аскер кызматчыларынын, аскер кызматынан бошотулган жарандардын жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн турмуш-тиричиликтик маселелерин чечүүгө жана аларды укуктук, социалдык жактан коргоону камсыздоого чараларын көрүүгө, чыгармачылыктын техникалык жана башка түрлөрүн өнүктүрүү, маданий өсүү жана эс алуу, ден соолукту жана дене түзүлүшүн чыңдоо үчүн шарттарды түзүүгө, зарыл учурда алар үчүн улук начальниктердин алдында өтүнүч берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын жоболорун жетекчиликке алуу менен жеке курамдын бекем аскердик тартибин жана жогорку моралдык-психологиялык абалын дайыма кармап турууга;
- сабактар, жумуштар же кызматтык башка иш-чаралар башталаар алдында бул үчүн коопсуздук шарттары түзүлгөнүнө жана камсыздалганына, ал эми баш ийгендер аларга жеткирилген коопсуздук талаптарын өздөштүргөндүгүнө жана аларды аткарууда жетиштүү практикалык көндүмдөргө ээ экендигине сурамжылоо жолу аркылуу жеке өзү ынанууга;
- жеке курамды суткалык наряддын кызматын өтөөгө карата ар тараптан даярдоону жүргүзүүгө, ички кызматтын өтөлүшүнө контролду уюштурууга, суткалык наряддын кызматынын абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
- күн тартибин, кызматтык убакыттын регламентин белгилөөгө жана ички тартипти жана өткөрүү режимин сактоону талап кылууга;
- курал-жарактын, ок-дарылардын жана башка материалдык каражаттардын сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштурууга, ошондой эле курал-жарактын, аскердик техниканын техникалык абалына жана пайдаланылышына контроль жүргүзүүгө, окуялардын жана кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
- курал-жаракты жана аскердик техниканы эсепке алууну жана сактоону уюштурууга; материалдык каражаттарды алууну өз убагында талап кылууга, сактоону жана эсепке алууну уюштурууга, аскердик мүлктү жоготууга, жетишсиз кылууга, бузууга жана уурдоого бөгөт коюуга, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга;
- жеке курамга бөлүнүп берилүүчү акчалай жана башка үлүштүн түрлөрүн аларга толук жеткирүүнү камсыз кылууга, материалдык жана акча каражаттарын үнөмдүү жана сарамжалдуу сарптоого, штаттык жана финансылык тартипти сактоого;
- аскер кызматчыларынын ден соолугун сактоо жана чыңдоо, жеке курамды медициналык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө;
- туруктуу жайгашкан пунктта айлана-чөйрөнү коргоого, бекитилип берилген жер участокторун максаттуу жана туура пайдалануу боюнча чараларды көрүүгө;
- мыйзамдарды, аскердик уставдардын жобосун так билүүгө, аларга ылайык туура иштөөгө жана баш ийгендерден аларды сактоону талап кылууга;
- өзүндө жана өзүнө баш ийгендерде ишке жөндөмдүүлүктү, коюлган милдеттерди чечүүгө карата илимий мамилени, өзүнүн ишинин натыйжаларына сын мамилени калыптандырууга, жумушта баш ийгендердин сунуштарын эске алууга;
- баш ийгендердин ортосунда жумушту жана милдеттерди бөлүштүрүүгө, буйруктардын аткарылышын контролдоого, максатка умтулгандыкты, жеке жоопкерчиликти, байкоочулук сезимин калыптандырууга, жеке курам менен үзгүлтүксүз байланышты кармап турууга;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, ишканалардын жамааттары, согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери менен аскердик салттарды колдоо жана өнүктүрүү менен тыгыз байланышта болуу менен, өзүнө берилген укуктардын чегинде өз алдынча иштөөгө. Бул максатта эмгекчилерди, коомчулуктун өкүлдөрүн жана аскер кызматчыларынын үй бүлө мүчөлөрүн чакыруу менен жыйналыштар, аскердик каада-салттар, спорттук майрамдар, жана башка иш-чаралар өткөрүлөт;
- жеке башкарууну бардык мүмкүнчүлүктөр менен бекемдөөгө, офицерлерге таянып алар менен бирге жеке курамдын күч аракетин алдыга коюлган милдеттерди активдүү жана чыгармачылык менен аткарууга багыттоого;
- жеке курамдын жана бөлүмчөлөрдүн ортосунда мелдеш уюштурууга, аскер комиссариаты тарабынан чечилүүчү милдеттердин ийгиликтүү аткарылышына аскер кызматчыларын мобилизациялоо максатында аларга жетекчилик кылууга;
- баш ийгендер менен мобилизациялык даярдыктын жана жалпы кызматтык иштердин, аскердик тартиптин абалынын, ички тартиптин сакталышынын жыйынтыгын чыгарып турууга жана аларды жакшыртуу боюнча чараларды аныктоого; жашоо жана турмуш-тиричиликтин ушул жана башка маселелерин жыйналыштарда дайыма кароого, тиешелүү милдеттерди чечүүдө аларга иштелип чыккан сунуштарды эске алууга;
- жеке курам менен жеке маектешүү аркылуу аларды ар тараптан иликтөөгө, баш ийгендердин иштеги жана моралдык-психологиялык сапаттарын билүүгө, аларды күн сайын тарбиялоого;
- кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелерине өтүү үчүн талапкерлерди тандап алууга жетекчилик кылууга;
- аскер кызматчыларынын алдында боло турган которууларынын маалымдуулугун камсыз кылууга, тажрыйбалуу жана жаш кадрларды айкалыштыруу аркылуу кадрлар резервин жана жетекчиликти улантуу үчүн шарттарды түзүүгө;
- баш ийгендерди эрдиги жана көрсөткөн туура демилгеси, тырышчаактыгы жана кызматтагы артыкчылыгы үчүн сыйлоого жана тартипсиздерден катуу талап кылууга;
- милдеттерди аныктоого, илимий, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иштердин пландарын уюштурууга жана алардын аткарылышын контролдоого, алардын материалдык-техникалык жактан аткарылышын камсыз кылууга;
- илимий, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иштерге жеке өзү катышууга, алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө, жалпылоого жана жайылтууга, конференцияларды, жыйналыштарды, кароолорду жана көргөзмөлөрдү өткөрүүнү уюштурууга жана алардын ишине катышууга;
- жарандык персоналдын эмгектик ишине байланышкан маселелерди чечүүдө эмгек мыйзамдарын, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйруктарын жетекчиликке алууга;
- аскер кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жарандык персоналдын адамдарынын, ошондой эле башка жарандардын аскер комиссариатынын компетенциясына кирген маселелери боюнча кайрылууларын кароого;
- коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле аскер комиссариатындагы коррупциялык көрүнүштөргө таасир этүүнүн жана алдын алуунун бекем системаны түзүү боюнча чараларды көрүүгө;
- аскер комиссариаты тейлеген аймактарда өз ыйгарым укуктарынын чегинде коргонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволук актыларынын жана ушул Жобонун талабын аткарууга;
- аскер комиссариаты тейлеген аймактарда адамдардын жана транспорт ресурстарын мобилизациялоо жүргүзүү пландарын аткарууну уюштурууга жана аны өз убагында тактоого;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын мобилизациялык муктаждыктарын канааттандыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш даярдоого;
- жарандарды анык аскердик жана альтернативдик кызматтарга, ошондой эле запастагы жарандарды белгиленген тартипте чакырууга жана жөнөтүүгө, мобилизациялоо жарыяланган учурда мобилизациялык тапшырмаларда аныкталган мөөнөттөрдө жана көлөмдөрдө Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга техникаларды берүүгө, ошондой эле аскердик жыйымдарга чакырууга;
- запастагы аскерге милдеттүүлөрдү брондоого контроль жүргүзүүгө;
- аскер комиссариатынын мобилизациялык жайгаштыруу базасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштурууга;
- мобилизациялык план боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарды кепилдикке алынган жана сапаттуу комплекттөө максатында адамдардын жана транспорттук ресурстардын топтолушу боюнча иштерге жетекчилик кылууга;
- аскер комиссариаты тейлеген аймакта жайгашкан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле комплектелүүчү бирикмелер жана аскердик бөлүктөр менен аскер комиссариатынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жарандардын альтернативдик кызмат өтөө ордун аныктоого;
- альтернативалык кызмат өтөөчүлөрдүн эсебин алууга, аскерге чакыруу, кызмат өтөө убагында, запаска бошогон мезгилде аскердик-эсепке алуу жана башка эсепке алуу документтерин жүргүзүүнү уюштурууга;
- аскердик-патриоттук тарбиялоо, калк арасында аскердик кызматты жайылтуу боюнча иштерге катышууга;
- мобилизациялык даярдык, аскердик эсепке алуу жана брондоо маселелери боюнча уюмдарды комплекстүү текшерүү жүргүзүүнү уюштурууга жана аларга катышууга;
- сунуштарды киргизүү жана запастагы жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча иштерди уюштурууга;
- жетектөөчү документтерине ылайык табелдик жана башка отчетторду өз убагында жана сапаттуу берүүнү камсыз кылууга;
- аскер комиссариатынын жеке курамынын кесиптик даярдыгын уюштурууга жана өткөрүүгө;
- аскер комиссариатынын күжүрмөн, мобилизациялык абалын жана кызматтык ишин текшерүүгө жана талдоо жүргүзүүгө, аларды өркүндөтүү боюнча чараларды аныктоого;
- баш ийген аскер кызматчыларынын жана жарандык персоналдын адамдарынын иштеги жана моралдык-психологиялык сапаттарын эске алуу менен, аскер комиссариатынын жеке курамын даярдоого жана тарбиялоого жетекчилик кылууга;
- аскер комиссариатындагы аскердик жана эмгек тартибинин абалына дайыма талдоо жүргүзүүгө жана кылмыштардын, жоруктардын, бузуулардын, окуялардын, аскер тартибин бузуулардын алдын алуу, ошондой эле жеке курамдын арасында өлүмгө жана жаракатка дуушар болуу учурларын болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө; баш ийгендер тарабынан жасалган бардык кылмыштар, жоруктар, бузуулар, окуялар жана аскер тартибин бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик уставдарынын талаптарына ылайык команда боюнча билдирүүгө;
- баш ийген аскер кызматчылары тарабынан аскер кызматынын милдеттерин аткарууда, курал-жарак, ок-дарылар жана аскердик техникалар менен иштөөдө, окууларды, ок атууларды, машыгууларды жана жумуштарды өткөрүүдө коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын контролдоого;
- аскер комиссариатынын жеке курамынын курал-жарактарынын жана ок-дарыларынын, ошондой эле башка материалдык каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана алардын аткарылышын контролдоого;
- күн тартибин жана кызмат убактысынын регламентин белгилөөгө, аскер комиссариатындагы ички тартипти кармап турууга;
- аскер комиссариатынын жеке курамына аскер комиссариатынын ишине тиешелүү мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ведомстволук актыларын өз убагында жеткирүүгө;
- жарандык персоналды тандоого жана жайгаштырууга, аскер комиссариатындагы илимий, ойлоп табуучулук жана рационализатордук иштерге жетекчилик кылууга;
- аскер комиссариатынын имараттарын жана жайларын кайтарууну уюштурууга, ички кызматты контролдоого, суткалык наряддын кызмат өтөөсүн жеке текшерүүгө;
- аскер комиссариатынын административдик жана чарбалык ишин жетектөөгө, материалдык каражаттардын туура сарпталышын контролдоого;
- төмөнкүлөргө контроль жүргүзүүгө:
өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына, аскер комиссариатына бекитилип берилген имараттардын, жайлардын жана жерлердин күтүлүшүнө жана туура пайдаланылышына;
аскердик эсепке алуу документтерин, жеңилдикке укук берүүчү күбөлүктөрдү жана башка документтерди берүүнүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө;
жарандардын альтернативдик кызматты өтөөсүнө, алар тарабынан мыйзамдарда белгиленген акча каражаттарынын төлөнүшүнүн жүрүшүнө, кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда бошонгон жарандардын запаска өз убагында бошотууга;
альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн жарандарды запаска өз убагында бошотууга;
аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн, чакыруунун мөөнөтүн узартууга же бошонууга мыйзамдуу негизде укугу жок (жыйырма беш жана андан жогорку жаштагы) жарандардын мобилизациялык резервдин жыйымдарынан өткөндүгү үчүн республикалык бюджеттин эсебине акчалай төлөмдү өз убагында төлөөсүнө;
жыйырма беш жана андан жогорку жаш курактагы жарандарды аскер бөлүктөрүндө мобилизациялык резервдин жыйымдарынан өтүү үчүн чакырууну жана жыйым пункттарына жөнөтүүнү, ошондой эле алардын кайра келүүсүн уюштурууга;
альтернативдик кызмат өтөгөндөр тарабынан акча каражаттары өз убагында төлөнүшүнө. Альтернативдик кызмат өтөгөндөрдүн кызмат өтөөсүнө жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруусуна;
шаар аралык телефондук сүйлөшүүлөргө, моторесурстарга акча каражаттарынын жана кызматтык машиналар үчүн бөлүнгөн күйүүчү-майлоочу материалдардын ашыкча сарпталышын болтурбоого.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824, 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Аскер комиссарына жана ага баш ийген кызмат адамдарына Кыргыз Реснубликасынын мыйзамдарында, ушул Жободо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук актылары каралбаган милдеттерди жүктөөгө жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824, 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17-1. Аскер комиссариаттарынын жана чакыруу комиссияларынын кызмат адамдары жарандарды аскердик кызматка, альтернативдик кызматка, мобилизациялык резервге чакыруу, жарандарды альтернативдик кызматка, аскердик жана альтернативдик кызматка жараксыз деп аныктоо боюнча мыйзамсыз чечими үчүн жоопкерчиликтин тиешелүү түрүнө тартылышат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Аскер комиссариаттарын камсыз кылуунун материалдык-финансылык жана башка түрлөрү
18. Аскер комиссариаттарын камсыз кылуунун материалдык-финансылык жана башка түрлөрү Кыргыз Реснубликасынын Коргоо министрлиги тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
19. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскер комиссариаттарынын курал жарак, ок-дары, аскер техника, күйүүчү-майлоочу материалдар, үлүштөрдүн башка түрлөрү жана материалдык каражаттар менен камсыздайт.
20. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- аскер комиссариаттарын жана жыйым пункттарын белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп берүүчү кызматтык имараттар; зарыл мүлкү жана инвентарлары менен көмөкчү жана чарбалык жайлар, чакыруу жана жыйым пункттары менен жабдылган башкаруу пункттарынын алдындагы жайлар менен камсыз кылат, алар медициналык жактан ден соолугун тастыктоо үчүн зарыл шаймандар жана медициналык мүлк менен жабдылууга тийиш;
- аскер комиссариаттарына жана республикалык топтоо пунктуна бөлүнгөн имараттар менен жайларды учурдагы жана капиталдык ремонт жүргүзөт, ошондой эле коммуналдык кызматтарга төлөйт;
- аскер комиссариаттарын, чакыруу жана жыйым пункттарын тейлеген персоналды каржылайт;
- ишканаларга - аскердик кызматка чакырылган граждандарды жыйым пункттарына жеткирүү үчүн жана запаска келүүчү граждандарды жеткирүүгө транспортту пайдалануу үчүн, мобилизациялык жайгаштыруу боюнча машыгууларды өткөрүү максатына;
чакыруу участкаларына граждандарды каттоо жана аларды аскердик, альтернативдик (аскерден тышкаркы) кызматка чакыруу мезгилинде медициналык персоналдык жана техникалык кызматкерлердин орточо эмгек акысын жана командировка чыгымдарын төлөөгө;
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аскер комиссариаттарына аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашашы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген норма боюнча турак жайларды жана аскер комиссариаттарынын иш аракеттерин камсыз кылуу үчүн зарыл транспорт каражаттарын берет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-декабрындагы N 824, 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 204 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
(*) Аскер комиссариатын күчтөндүрүү аппараты - мобилизациялык ресурстарды кабарландыруунун, чакыруунун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жөнөтүүнүн гарантиялуу жүргүзүлүшүн камсыздоо боюнча аскер комиссариаты ишке тартуучу граждандар. Күчтөндүрүү аппаратынын курамы аскер комиссариаты тарабынан аткарылуучу мнлдеттердин көлөмүнө жараша аныкталат.
(**) Аскер комиссариатынын мобилизациялык жайгаштыруу базасы - башкаруунун, байланыштын жана кабарлоонун зарыл каражаттары, транспорт, мүлк жана жабдыктар менен жабдылган башкаруу пункттарынын, кабарлоо участокторунун (штабдарынын), мобилизациялык ресурстарды топтоо жана жөнөтүү пункттарынын, күйүүчү май куюу пункттарынын, адамдардын курамын жылынтуу жана тамактандыруу пункттарынын системасы. Бул базанын курамын аскер комиссариаты аткарылууга тийиш болгон мнлдеттердин көлөмүнө жараша аныктайт.