Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-мартындагы № 3883-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-февралы №2815-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын бешинчи бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.А.Сакебаев парламенттик көпчүлүктүн өкүлү катары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Э.Осмонов парламенттик оппозициянын өкүлү катары бир жылдык мөөнөткө Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
2011-жылдын 3-февралындагы №148-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө";
2012-жылдын 16-февралындагы №1648-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүнүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамында болуусунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө".
.
Төрага
| А.Жээнбеков |