Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 27-апрели № 240
Кыргыз Республикасынын граждандарына Жуков медалын
тапшыруунун тартибин бекитүү жана 1941-1945-жылдардагы
Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 55 жылдыгынын
урматына "1941-1945-жылдардагы согуштун ардагери"
деген бирдей үлгүдөгү эстелик белгисин
тапшыруунун тартиби жөнүндө
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин граждандарын Жуков медалы менен сыйлоонун тартиби жөнүндө 1995-жылдын 26-майында Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинде кабыл алынган чечимдин жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 55 жылдыгынын урматына "1941-1945-жылдардагы согуштун ардагери" деген бирдей үлгүдөгү эстелик белгиси жөнүндө 1999-жылдын 8-октябрында Ялта шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын Кеңешинде кабыл алынган чечимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер.
- Кыргыз Республикасынын граждандарына Жуков медалын тапшыруунун тартиби;
- Кыргыз Республикасынын граждандарына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 55 жылдыгынын урматына "1941-1945-жылдардагы согуштун ардагери" деген бирдей үлгүдөгү эстелик белгисин тапшыруунун тартиби бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тапшырылсын.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | А. Муралиев |