Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-апрелиндеги № 240 токтому менен бекитилген |
1. Жуков медалы (мындан ары - медаль) Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин 1995-жылдын 26-майындагы чечимине ылайык төмөнкүлөргө тапшырылат:
- Кызыл Армиянын, Аскер-Деңиз Флотунун, НКВД аскеринин аскер кызматкерлерине жана эркин жалданган курамындагы адамдарга, партизандарга, подпольенин катышуучуларына немецтик-фашисттик баскынчылар, япондук милитаристтер менен болгон согуштарда көрсөткөн эрдиги, туруктуулугу жана кайратмандыгы үчүн, жана Г.К.Жуковдун туулган күнүнүн 100 жылдыгын белгилөө үчүн берилет.
2. Медаль Россия Федерациясынын Президентинин атынан төмөнкүчө тапшырылат:
- граждандык калктагы адамдарга - Россия Федерациясынын Президентинин атайын укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын, аскер комиссариаттарынын жетекчи кызматкерлери тарабынан;
- СССРдин аскеринен жана ички иштер органдарынан жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн чыккан адамдарга, - аскер комиссариаттары тарабынан жашаган жери боюнча;
- СССРдин аскеринен жана ички иштер органдарынан жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн чыккан, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын аскеринен жана мамлекеттик коопсуздук органдарынан чыккан адамдарга, - аскер комиссариаттары тарабынан жашаган жери боюнча же тийиштүү министрликтер жана административдик ведомстволор тарабынан.
Жуков медалы көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 50 жыл" деп аталган юбилейлик медалдан кийин жайгаштырылат.
Медаль, эреже катары, сыйланчуларга алардын сыйланчулардын тизмесине киргизилген жерлеринде тапшырылат. Медалдын тапшырылганы жөнүндө сыйланчулардын тизмесине тиешелүү жазуу жазылат.
Медалды тапшыруу аяктагандан кийин сыйлангандардын тизмеси белгиленген тартипте такай сакталууга тийиш. Сыйлангандарга медаль менен кошо аныкталган формадагы күбөлүк берилет. Аскер комиссариаттарынын жана эмгек жамааттарынын жетекчилеринин медалды согуштун жана эмгектин ардагерлеринин биргелешкен салтанаттуу чогулушунда тапшыруусунун тартиби аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары менен макулдашылат.
Улуу Ата Мекендик согуштун өлүп калган катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө медаль жана анын күбөлүгү берилбейт.
Медалды тапшырууга атайын укук берилген органдар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына медалдын кимдерге тапшырылганы жөнүндө маалыматты аныкталган тартипте (№ 3 форма) 2000-жылдын 10-сентябрына жана 2001-жылдын 10-январына карата беришет. Айыл өкмөттөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын маалымат берүүсүнүн тартибин аткаруу бийлигинин жогоруда аталган органдары белгилейт.
3. Кыргыз Республикасынын сыйланчу граждандарынын тизмесин төмөнкүлөр түзөт жана бекитет:
- аскер комиссариаттары - СССРдин Куралдуу Күчтөрүнөн чыккан, Улуу Ата Мекендик согуштун жана милитаристтик Япония менен болгон согуштун жылдарында (1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 3-сентябрына чейин) Кызыл Армияда, Аскер-Деңиз Флотунда, СССРдин НКВДсында, НКГБсында аскердик кызмат өтөгөн же эркин жалданган курамында штаттык кызмат орундарында иштеген адамдарды.
Тизмелер (№ 1, 2 формалар) сыйланчулардын иштеген же кызмат өтөгөн, ал эми иштебегендердин - жашаган жери боюнча түзүлөт. Ал тизмелерге аларды түзүү үчүн жооптуу кызмат адамдары кол коюшат жана тиешелүү аскердик бөлүктөрдүн командирлери, аскер комиссарлары, аткаруу бийлигинин органдары бекитишет.
Бир эле адамдын аткаруу бийлигинин органдары жана аскер комиссариаттары түзүүчү жана бекитчү тизмелерге кирип калуусун болтурбоо үчүн андай тизмени түзүү боюнча ишти аскер комиссариаттары көрсөтүлгөн органдар менен макулдашууга тийиш.
4. Медаль менен сыйланчулардын тизмесине киргизүүгө негиз төмөнкүдөй болот - алар көрсөткөн, ушул Тартиптин 1-пунктуна ылайык медаль сыйланууга укугун күбөлөндүрүүчү документтери.
Андай документтерге төмөнкүлөр кирет:
- Кызыл Армиянын китепчеси (аскердик милдеттен бошотулганы жөнүндө күбөлүк);
- аскердик билет;
- эмгек китепчеси;
- аскер кызматын өтөгөнү же аткарган иши тууралуу аскердик бөлүктүн командованиеси же тийиштүү архивдик орган берген справка;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жана милитаристтик Япония менен болгон согуштун майдандарында алган жаракаты (контузиясы) жөнүндө справкасы;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын күбөлүгү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде аскердик бөлүктөрдүн эркин жалданган курамындагы адамдарга берилген жеңилдиктерге укук жөнүндө (ачык жашыл түстөгү) күбөлүк;
- "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн болгон Жеңиш үчүн", "Япониянын үстүнөн болгон Жеңиш үчүн", "Согуштун катышуучусуна" деген жазуусу бар "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке отуз жыл", "Согуштун катышуучусуна" деген жазуусу бар "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке элүү жыл" медалдары менен сыйлангандык жөнүндө күбөлүктөр.
Аталган сыйлыктар менен сыйланганын ырастоочу документтер жоголуп кеткен болсо, медаль мамлекеттик мекемелердин сыйлангандыгын ишенимдүү күбөлөндүрүүчү документтеринин негизинде, же эмгек китепчесиндеги жогоруда аталган медалдар менен сыйланганы жөнүндөгү жазуунун негизинде берилет.
Күбөлөрдүн ырастоосу граждандарды медаль менен сыйланчулардын тизмесине киргизүүгө негиз боло албайт.
Сыйлангандардын тизмелери мезгил-мезгили менен такталып турууга тийиш.
| № 1 формасы |
__________________________________________________________________
(аскердик бөлүктүн, уюмдун, ишкананын, мекеменин аты)
┌─────┬──────────┬────────┬────────┬─────────────┬─────────┬──────────┐
│К. № │ Аты-жөнү │Туулган │Иштеген │Сыйлоо үчүн │Күбөлүк- │ Кошумча │
│ │ │ жылы │кызматы │ негиз │түн │ маалымат │
│ │ │ │ │(документтин │номери │ │
│ │ │ │ │ номери) │ │ │
├─────┼──────────┼────────┼────────┼─────────────┼─────────┼──────────┤
└─────┴──────────┴────────┴────────┴─────────────┴─────────┴──────────┘
Ишкананын жетекчиси ____________________
Колу, фамилиясы
М.О.
Кадрлар бөлүмүнүн начальниги ___________________
Колу, фамилиясы
| № 2 формасы |
┌─────┬──────────┬────────┬────────┬─────────────┬─────────┬──────────┐
│К. № │ Аты-жөнү │Туулган │Иштеген │Сыйлоо үчүн │Күбөлүк- │ Кошумча │
│ │ │ жылы │кызматы │ негиз │түн │ маалымат │
│ │ │ │ │(документтин │номери │ │
│ │ │ │ │ номери) │ │ │
├─────┼──────────┼────────┼────────┼─────────────┼─────────┼──────────┤
└─────┴──────────┴────────┴────────┴─────────────┴─────────┴──────────┘
Ишкананын жетекчиси ____________________
Колу, фамилиясы
М.О.
Кадрлар бөлүмүнүн начальниги ___________________
Колу, фамилиясы
| № 3 формасы |
___________________________________________________________ боюнча
(ишкана, мекеме, уюм, аскердик бөлүк)
1. 20_ жылдын _____ кварталында ______ адам сыйланды.
2. Отчеттук мезгилде ______ медаль тапшырылды.
3. Сыйланчулардан медаль тапшырыла элек ____ адам калды.
Анын ичинде отчеттук кварталда сыйланчулардан ___ адам.
Ишкананын жетекчиси ____________________
Колу, фамилиясы
М.О.
Кадрлар бөлүмүнүн начальниги ___________________
Колу, фамилиясы