Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-апрелиндеги № 240 токтому менен бекитилген |
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 55 жылдыгынын урматына "1941-1945-жылдардагы согуштун ардагери" деген бирдей үлгүдөгү эстелик белги (мындан ары - эстелик белги деп аталат) Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин 1999-жылдын 8-октябрындагы чечимине ылайык төмөнкүлөргө берилет:
- СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн курамында Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарындагы согуштук аракеттерге катышкан аскер кызматкерлерине жана эркин жалданган курамдагы адамдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун партизандарына, подпольенин катышуучуларына;
- Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана эркин жалданган курамдагы адамдарга;
- "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн болгон Жеңиш үчүн", "Япониянын үстүнөн болгон Жеңиш үчүн" медалдары менен сыйланган адамдарга;
- "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн болгон Жеңиш үчүн" медалынын күбөлүгү бар адамдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында кайратман эмгеги үчүн СССРдин ордендери, "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы кайратман эмгеги үчүн", "Кайратман эмгеги үчүн", "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "Ленинградды коргогондугу үчүн", "Москваны коргогондугу үчүн", "Одессаны коргогондугу үчүн", "Севастополду коргогондугу үчүн", "Сталинградды коргогондугу үчүн", "Киевди коргогондугу үчүн", "Кавказды коргогондугу үчүн", "Советтик Запольярени коргогондугу үчүн" медалдары менен сыйланган ооруктун эмгекчилерине;
- "Курчоодогу Ленинграддын тургунуна" деген медаль менен же "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы кайратман эмгеги үчүн" медалынын күбөлүгү бар адамдарга.
2. Эстелик белги жана анын күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан төмөнкүдөй тапшырылат:
- граждандык калктын адамдарына - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын, аскер комиссариаттарынын жетекчи кызматкерлери тапшырат;
- СССРдин аскеринен жана ички иштер органдарынан жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн чыккан адамдарга - жашаган жериндеги аскер комиссариаттары тарабынан;
- СССРдин жана Кыргыз Республикасынын ички аскеринен жана ички иштер органдарынан, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук аскеринен жана органдарынан чыккан адамдарга - жашаган жериндеги аскер комиссариаттары тарабынан же тийиштүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан;
- ооруктун эмгекчилерине, партизан болгондорго жана подпольенин катышуучуларына - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан.
Эстелик белги көкүрөктүн оң тарабына, ордендерден ылдый бирок калган армиялык белгилердин бардыгынан жогору тагылат.
Эстелик белги сыйланчуларга алардын сыйланчулардын тизмесине киргизилген жерлеринде тапшырылат. Эстелик белгинин тапшырылгандыгы жөнүндө сыйланчулардын тизмесине тиешелүү жазуу жазылат.
Эстелик белгини тапшыруу аяктагандан кийин сыйлангандардын тизмеси белгиленген тартипте такай сакталууга тийиш. Сыйлангандарга эстелик белги менен кошо белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырылат.
Аскер комиссариаттарынын жана эмгек жамааттарынын жетекчилеринин эстелик белгини согуштун жана эмгектин ардагерлеринии биргелешкен салтанаттуу чогулушунда тапшыруусунун тартиби аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары менен макулдашылат.
Өлүп калган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана ооруктун эмгекчилеринин үй-бүлөлөрүнө эстелик белги жана анын күбөлүгү берилбейт.
Эстелик белгини тапшырууга атайын укук берилген органдар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына эстелик белгинин кимдерге тапшырылганы жөнүндө маалыматты (№ 3 форма) 2000-жылдын 10-сентябрына жана 2001-жылдын 10-январына карата беришет.
Айыл өкмөттөрүнүн, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын маалымат берүүсүнүн тартибин аткаруу бийлигинин жогоруда аталган органдары белгилейт.
3. Кыргыз Республикасынын эстелик белги менен сыйланчу граждандарынын тизмесин төмөнкүлөр түзөт жана бекитет, алар:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик бөлүктөрүнүн (мындан ары - аскердик бөлүктөр), бирикмелеринин, башкармаларынын, ишканаларынын, башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун кадрдык органдары - 2000-жылдын 9-майына карата аскердик кызматта турган аскер кызматкерлериникин - Эстелик белги жөнүндө жобого ылайык негиздер болгон учурда;
- аскер комиссариаттары - СССРдин Куралдуу Күчтөрүнөн чыккан, Улуу Ата Мекендик согуштун жана милитаристтик Япония менен болгон согуштун жылдарында (1941-жылдын 22-июнунан 1945-жылдын 3-сентябрына чейин) Кызыл Армияда, Аскер-Деңиз Флотунда, СССРдин НКВДсында, НКГБсында аскердик кызмат өтөгөн же эркин жалданган штаттык кызмат орундарында иштеген адамдардыкын;
- аткаруу бийлигинин органдары - партизан болгондорду жана подпольенин катышуучуларын, Улуу Ата Мекендик согуштук жылдарындагы кайратман эмгеги үчүн 1-пунктта саналган ордендер жана медалдар менен сыйланган ооруктун эмгекчилерин жана "Курчоодогу Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйланган же "19941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы кайратман эмгеги үчүн" медалынын күбөлүгү бар адамдарды.
Тизмелер (№ 1, 2-формалар) сыйланчулардын иштеген же кызмат өтөгөн, ал эми иштебегендердин - жашаган жерлери боюнча түзүлөт. Ал тизмелерге аларды түзүү үчүн жооптуу кызмат адамдары кол коюшат жана тиешелүү аскердик бөлүктөрдүн командирлери, аскер комиссарлары, аткаруу бийлигинин жетекчилери бекитишет.
Бир эле адамдын аткаруу бийлигинин органдары жана аскер комиссариаттары түзүүчү жана бекитчү тизмелерге кирип калуусун болтурбоо үчүн андай тизмени түзүү боюнча ишти аскер комиссариаттары көрсөтүлгөн органдар менен макулдашууга тийиш.
4. Эстелик белги менен сыйланчулардын тизмесине киргизүүгө төмөнкүлөр негиз болот:
- мурдагы аскер кызматкерлери үчүн - аскердик каттоо документтери, ошондой эле аскер кызматкерлеринин алардын ушул Тартиптин 1-пунктуна ылайык эстелик белги менен сыйланууга укугун күбөлөндүрүүчү башка документтери;
- граждандык калктагы адамдар үчүн - алар көрсөткөн, ушул Тартиптин 1-пунктуна ылайык эстелик белги менен сыйланууга укугун күбөлөндүрүүчү доументтери;
Андай документтерге төмөнкүлөр кирет:
- аскердик белет;
- эмгек китепчеси;
- аскер кызматын өтөгөнү же иштегендиги тууралуу аскердик бөлүктүн командачылыгы же тийиштүү архивдик орган берген справка;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жана милитаристтик Япония менен болгон согуштун майдандарында алган жаракаты (контузиясы) жөнүндө справка;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыбынын күбөлүгү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун күбөлүгү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде согушуп жаткан армиянын курамына кирген аскердик бөлүктөрдүн эркин жалданган курамындагы адамдарга берилген жеңилдиктерге укук жөнүндө (ачык жашыл түстөгү) күбөлүк;
- "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн болгон Жеңиш үчүн", "Япониянын үстүнөн болгон Жеңиш үчүн", "Согуштун катышуучусуна", "Эмгек майданынын катышуучусуна" деген жазуулары бар "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кырк жыл", "Согуштун катышуучусуна", "Эмгек майданынын катышуучусуна" деген жазуулары бар "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке элүү жыл" медалдары менен сыйлангандык жөнүндө күбөлүктөр;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында СССРдин ордендери, "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы кайратман эмгеги үчүн", "Кайратман эмгеги үчүн", "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "Ленинградды коргогондугу үчүн", "Москваны коргогондугу үчүн", "Одессаны коргогондугу үчүн", "Севастополду коргогондугу үчүн", "Сталинградды коргогондугу үчүн", "Киевди коргогондугу үчүн", "Кавказды коргогондугу үчүн", "Советтик Запольярени коргогондугу үчүн" медалдары, "Курчоодогу Ленинграддын тургунуна" белгиси менен сыйлангандыгын ырастоочу документтер.
Аталган сыйлыктар менен сыйланганын ырастоочу документтер жоголуп кеткен болсо, эстелик медаль мамлекеттик мекемелердин сыйлангандыгын ишенимдүү күбөлөндүрүүчү документтеринин негизинде же эмгек китепчесиндеги жогоруда аталган медалдар менен сыйланганы жөнүндөгү жазуунун негизинде берилет;
- "1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы кайратман эмгеги үчүн" медалынын күбөлүгү.
Күбөлөрдүн ырастоосу граждандарды эстелик белги менен сыйланчулардын тизмесине киргизүүгө негиз боло албайт.
Сыйлангандардын тизмелери мезгил-мезгили менен такталып турууга тийиш.
| № 1 формасы
|
_______________________________________________________
(аскердик бөлүктүн, уюмдун, ишкананын, мекеменин аты)
┌─────┬──────────┬────────┬────────┬─────────────┬─────────┬──────────┐
│К. № │ Аты-жөнү │Туулган │Иштеген │Сыйлоо үчүн │Күбөлүк- │ Кошумча │
│ │ │ жылы │кызматы │ негиз │түн │ маалымат │
│ │ │ │ │(документтин │номери │ │
│ │ │ │ │ номери) │ │ │
├─────┼──────────┼────────┼────────┼─────────────┼─────────┼──────────┤
└─────┴──────────┴────────┴────────┴─────────────┴─────────┴──────────┘
Ишкананын жетекчиси ____________________
Колу, фамилиясы
М.О.
Кадрлар бөлүмүнүн начальниги ___________________
Колу, фамилиясы
| № 2 формасы
|
┌─────┬──────────┬────────┬────────┬─────────────┬─────────┬──────────┐
│К. № │ Аты-жөнү │Туулган │Иштеген │Сыйлоо үчүн │Күбөлүк- │ Кошумча │
│ │ │ жылы │кызматы │ негиз │түн │ маалымат │
│ │ │ │ │(документтин │номери │ │
│ │ │ │ │ номери) │ │ │
├─────┼──────────┼────────┼────────┼─────────────┼─────────┼──────────┤
└─────┴──────────┴────────┴────────┴─────────────┴─────────┴──────────┘
Ишкананын жетекчиси ____________________
Колу, фамилиясы
М.О.
Кадрлар бөлүмүнүн начальниги ___________________
Колу, фамилиясы
| № 3 формасы
|
___________________________________________________________ боюнча
(ишкана, мекеме, уюм, аскердик бөлүк)
1. 20_ жылдын _____ кварталында ______ адам сыйланды.
2. Отчеттук мезгилде ______ медаль тапшырылды.
3. Сыйланчулардан медаль тапшырыла элек ____ адам калды.
Анын ичинде отчеттук кварталда сыйланчулардан ___ адам.
Ишкананын жетекчиси ____________________
Колу, фамилиясы
М.О.
Кадрлар бөлүмүнүн начальниги ___________________
Колу, фамилиясы