Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-июну № 3169-V
"Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талантарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчету жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу
"Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчёту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү тастыктайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиевдин жетекчилиги алдында "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун ез ара пайдалуу варианттарын издеө максатында "Центерра Голд Инк." компаниясы менен кеңешүүлөрдү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультативдик кеңеш түзүлгөн. Консультативдик кеңеш туруктуу негизде жыйындарын өткөрүп жатат. Сүйлөшүүлөрдү жана кеңешүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "ДЛА Пайпер" жана "Прайз Воотерхауз Купере" юридикалык көз карандысыз жана финансылык компаниялары тандалып алынган.
Консультанттардын биринчи берген баасы азыркы түзүлгөн кырдаалда кыргыз тарабы сыяктуу эле Канадада, АКШда, Улуу Британияда жана көптөгөн башка европа өлкөлөрүндө жайгашкан, көпчүлүгү менен Кыргызстан инвестицияларды коргоо тууралуу эки тараптуу макулдашууларды түзгөн ири инвестициялык фонддордун жана компаниялардын - "Centerra Gold Инк." компаниясынын көптөгөн акционерлерин канааттандырган компромисттик вариантты табуунун зарылдыгын айгиленелеп турат.
Өз кезегинде "Centerra Gold Инк" компаниясы Мамлекеттик комиссиянын тыянактарына жана сунуштарына жоопторун берген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКсынын канадалык "Centerra Gold Инк" компаниясынын, "Кумтор Оперейтинг Компании" ЖАКсынын, "Кумтөр Голд Компании" ЖАКсынын жана канадалык "Камеко" корпорациясынын ортосунда 2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашуунун шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу Мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын ылайыксыздыгы жөнүндө пикирин билдирген.
Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы республикада бийликтин ыйгарым укуктарына ээ мамлекеттик органдардын кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен материалдык жана башка пайдаларды мыйзамсыз алуу максатында айрым адамдар менен укукка сыйбас туруктуу байланыштарды түзгөндүгүн тастыктайт (Башкы прокурордун биринчи орун басары Т.Бекмамат уулунун маалыматы, № 13-216/7, 2013-жылдын 22-майы).
Азыркы учурда ведомстволор аралык тергөө тобу кылмыш иши боюнча мамлекеттик бийлик органдарында "Кумтөр" долбоору боюнча ишке тиешеси бар ири көлөмдөгү документтерди алууну, аталган кылмышка тиешелүү адамдарды суракка алууну, ошондой эле далилдерди издөөгө жана алынгандарды ойдогудай тастыктоого багытталган башка тергөө аракеттерин жүргүзүп жатат, бирок буга кошумча убакыт талап кылынат.
Торонто шаарында (Канада) 2013-жылдын 10-майында болуп өткөн "Centerra GoLd Инк." компаниясынын акционерлеринин жылдык чогулушуна Директорлор кеңешинин мүчөлөрү А. Муралиев, К. Ибраев жана "Кыргызалтын" ААКсынын башкармалыгынын терагасынын орун басары К. Шакиров катышып, KPMGhuh компаниянын аудиторлугуна кайрадан дайындалышына жана Брюс Уолтердин компаниянын директорунун кызмат ордуна көрсөтүлүшүнө тынчсыздангандыгын билдиришкен.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөе боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчёту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын иши жетишсиз деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө төмөндөгүлөр сунуш кылынсын:
-"Центерра Голд Инк." компаниясынын Директорлор кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарынан чыгуу менен персоналдык жана сандык курамы боюнча сунуш киргизсин;
-жыл сайын Ысык-Кел жана Нарын областтарынын курчап турган чөйрөсүнүн булганышына мониторинг жана профилактика жүргүзүүге 50%га 50% катнаш менен курчап турган чөйрөнүн булгагандыгы үчүн экологиялык фондго каражаттарды жөнөтүп турсун;
-"Центерра Голд Инк." компаниясынын камсыздандыруу взносторунун негиздүүлүгүн талдасын жана жаңы макулдашууга кол коюу алдында тиешелүү сунуштарды киргизсин;
-бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 токтому менен бекитилген "Ысык-Көл областын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизсин жана Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына Ысык-Көл областынын аймагындагы ар бир жергиликтүү кеңештен депутаттарды киргизүүнү сунуштасын;
-квартал сайын өзүнүн сайтында Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна түшүүлөр жана каражаттарын чыгымдоолор жөнүндө отчётту жарыялап турсун.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондунун акча каражаттарын пайдаланууну дыкат текшерсин жана эгер бузуулар болсо күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартсын.
4. "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчёту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун аткарылышынын мөөнөтүн үч айга узартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу колдоого алынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Центерра Голд Инк." компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча "Кумтөр" долбоору боюнча Макулдашуунун акыркы вариантын жана 2013-жылдын 10-сентябрына карата ушул токтомунун аткарылышы жөнүндө маалымат берсин. Өз ара алгылыктуу варианттарга жетишилбей калган учурда Кумтөр" долбоору боюнча Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2013-жылдын 10-сентябрына карата ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматты берсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине (К.Ж. Рыспаев), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине (С.К. Нышанов) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине (К.К. Иманалиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|