Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-майы № 3101-V
2012-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык 2012-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевдин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри төмөндөгү маселелерди чечүү боюнча өзгөчө көңүл бурсун жана айкын иш-чараларды кабыл алсын:
1) агрардык сектор боюнча:
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеңилдетилген кредиттерди бөлүү жана айыл чарба машиналарын жана механизмдерин лизингге берүү бөлүгүндөгү республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоонун мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында республиканын ирригациялык тармагынын учурдагы жана капиталдык ремонту үчүн белгиленген, бекитилген бюджеттик каражаттарды толук өлчөмдө бөлүү;
- Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын түзүмүн, жобосун жана штаттык расписаниесин кыска мөөнөттө аныктоо жана бекитүү;
- республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусу аркылуу 2013-жылдын түшүмүнөн дыйкан чарбаларынан дан өсүмдүктөрүн алууну камсыз кылуу;
- 2012-жылдагы белгилүү болгон мүчүлүштөргө жана кемчиликтерге жол бербөө максатында 2013-жылга иш-чаралардын комплекстүү планын кабыл алуу жана аны аткарууну ишке ашыруу, ошондой эле өздөрүнүн иштери үчүн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү;
2) укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча:
- мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөө маселесинде укук коргоо органдары боюнча координациялоочу ролду Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына белгилөө;
- 2010-жылдын апрелинде жана июнунда уурдалган жана жоголгон ок атуучу куралдарды жана ок дарыларын кайтаруу жана өткөрүп берүү боюнча ишти уюштуруу;
- укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин пенсияларынын бир түрдүү өлчөмүн камсыз кылуу - (пенсиялардын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кызматкерлеринин деңгээлине жеткирүү);
- укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана бажы органдарынын кызматкерлери үчүн тамак-аш ченазыгынын бирдиктүү өлчөмүн камсыз кылуу (суткасына 256 сом);
- аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын бир түрдүүлүгүн камсыз кылуу (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлине жеткирүү);
- аскер кызматчыларына пенсияларды төлөп берүү маселесин жөнгө салуу жана "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын тийиштүү деңгээлде жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын муктаждыктарына жараша өз учурунда жана толук каржылоону камсыз кылуу;
- ички иштер органдарынын 840 кызматкерин жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетте каржылоого которуу;
- калктын бирдиктүү регистрин киргизүүнү камсыз кылуу, ал жерде баңги затка көз каранды болуп калган адамдарга жана психикалык жактан жабыркаган адамдарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнү болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте маалыматтардын бирдиктүү базасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында калк бекер негизде пайдалануучу ченемдик-укуктук документтердин бирдиктүү реестрин Юстиция министрлигинде киргизүү;
- жол кыймылынын коопсуздугу максатында:
зарыл керектүү жерлерде жолдордо белги салууну камсыз кылуу;
жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптык санкцияларды көтөрүү жөнүндө сунуш киргизүү;
"Коопсуз шаар" долбоорун жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен бирдикте жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча жашы жете электер үчүн видеороликтерди чыгаруу.
- борбордук органдардын (министрликтердин) ыйгарым укуктарын ажыратып бөлүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги маселесин чечүү;
- укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте иликтенип жаткан кылмыш иштери боюнча мамлекетке ошол кылмыштар алып келген зыяндардын реалдуу ордун толтуруу боюнча чараларды кабыл алуу;
- Баткен областында тергөө изоляторун куруу жөнүндө маселени кароо;
3) социалдык саясат боюнча:
- максаттуу чакан кредиттөө, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүү жана өнүктүрүү, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын өнүктүрүү жолу менен жакырчылыкты төмөндөтүү боюнча комплекстүү чараларды кабыл алуу;
- калкка социалдык жардам көрсөткөндө даректүү мамиле жасоону өнүктүрүү;
- пенсиялык камсыздандыруу чөйрөсүндө бирдиктүү ыйгарым укуктуу органды бекитүү;
- жашоо наркынын индексинин өзгөрүшүнө байланыштуу аскер кызматчыларынын пенсияларын жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алуу;
- пенсиялардын өлчөмдөрүн көбөйтүүгө кызыктырууну күчөтүү максатында жеке ишкерлер, фермердик жана дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу взносторунун тарифтерин кайра кароо;
- эмгек мигранттарын социалдык камсыздандыруу боюнча мамлекеттер ортосундагы макулдашууну иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- эмгек рыногунда кыйла керек болуп жаткан адистиктер боюнча кесиптик техникалык билим берүү тармагында максатка багытталган окутууларды жүргүзүү жолу менен жумушчу орундарынын сапатын жогорулатуу;
- Бажы союзуна кирген учурда атаандаштыкты жана өз ара аракеттерди камсыз кылуу үчүн орто жана чакан бизнеске бирдей шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик колдоону жана кепилдикти кароо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 токтому менен бекитилген 2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлеринин эмгек акысын реформалоонун концепциясын жүзөгө ашыруу үчүн керектүү финансылык каражаттарды республикалык бюджетте кароо;
- жетим балдарды социалдык турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу;
- чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгектенүүсү үчүн тышкы эмгек миграциясынын формаларын кеңейтүү жана өркүндөтүү;
- калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын аткарууга толук көлөмдө финансылык каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө маселени кароо;
- туруктуу натыйжаларга жетишүү үчүн репродуктивдүү ден соолук боюнча Улуттук стратегияны жана Кыргыз Республикасынын перинаталдык жардамын жакшыртуу боюнча Программаны аткарууну камсыз кылуу;
- ВИЧ-инфекциясын жана кургак учукту дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарын сатып алууга финансылык каражаттарды бөлүү жөнүндө маселени кароо;
- табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккендердин алдында мамлекеттин милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө маселени кароо;
- Миң-Куш шаарчасынын бир катар кечиктирилгис турак жай-коммуналдык проблемаларын республикалык бюджеттин эсебинен комплекстүү чечүү жөнүндө маселени кароо: суу түтүк системасын капиталдык оңдоо, көчкү коркунучу бар зонада жайгашкан турак үйлөрдөн, ошондой эле радиациялык фонд тийиштүү деңгээлден ашкан үйлөрдөн жашоочуларды көчүрүү;
4) фискалдык жана экономикалык саясат чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2012-2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу максатында 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүгө Кыргыз Республикасынын өтүүсү боюнча Өкмөттүн Программасынын жана Планынын долбоорун бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү;
- бюджеттик тартыштыкты кыскартуу аркылуу макроэкономикалык туруктуулукка жетишүү жана сактоо, экономикага салыктык оорчулукту тең өлчөмдө бөлүштүрүү аркылуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, инфратүзүмдөргө тышкы жана ички инвестицияларды тартуу, бизнес чөйрөсүн жана инвестициялык абалды жакшыртуу, аймактык экономикалык системага экономиканы интеграциялоо, ошондой эле экономиканын олуттуу тармактарын өнүктүрүү үчүн түзүмдүк реформаларды жүзөгө ашыруу боюнча чараларды кабыл алуу;
- өлкөнүн ички финансылык ресурстарын натыйжалуу мобилизациялоого жарамдуу финансылык-кредиттик мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык макулдашылган саясатты жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын калкынын жана ишкерлеринин кредиттерге жана сапаттуу банк кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаждыктарын канааттандыруу;
- 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын жана мамлекеттештирилген объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны толук көлөмдө аткаруу боюнча баарын камтыган чараларды кабыл алуу;
- мамлекеттик бюджетке дивиденддердин түшүүсүн көбөйтүү үчүн акциялардын мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун, компаниялардын жана башка коммерциялык уюмдардын алышкан кирешелеринин ачыктыгына жана аныктыгына жетишүү;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүгүү банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, 2011-жылдын 26-майындагы № 501 "Коммерциялык банктар жана микрокредиттик компаниялар берген кредиттерге байланыштуу маселелерди чечүү жөнүндө митингдин катышуучуларынын талаптары боюнча чаралар жөнүндө", 2011-жылдын 30-июнундагы № 913 "Кыргыз Республикасында жабырлантуучу (проблемалуу) кредиттер фондун түзүү жөнүндө, 2011-жылдын 28-октябрындагы № 1259 "2010-жылы Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад областтарындагы тартипсиздик учурунда жабыр тартышкан адамдардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун аткаруу боюнча чараларды кабыл алуу;
5) коргоо жана коопсуздук боюнча:
- улуттук коопсуздук, аскердик, аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында эл аралык келишимдерди аткарууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик материалдык резервдердин объектилерин, товардык-материалдык баалуулуктарды башкаруу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу;
- улуттук коопсуздук жана мамлекеттик коргоо маселелери боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чараларды кабыл алуу;
Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүн материалдык-техникалык жабдуу боюнча чараларды кабыл алуу;
6) билим берүү, илим, маданият жана спорт чөйрөсүндө:
- жалпы билим берүүчү уюмдарда адам башына каржылоо принциптерин киргизүүнү улантуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени чечүү;
- жалпы билим берүүчү уюмдарды окуу китептери жана окуу куралдары менен өз учурунда камсыз кылбагандыгы, аларды чыгаруу үчүн арналган донордук жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо;
- республиканын билим берүү уюмдарында акча каражаттарын негизсиз топтоону жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүн жөнгө салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү иштеп чыгуу жана демилгелөө;
- жыл сайын кийинки жылга республикалык бюджеттин долбоорун киргизгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мектептердин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, маданият, дене тарбия жана спорт объектилерин куруунун жана капиталдык ремонттоонун келечектеги пландарын берүү;
- төмөндөгү чараларды кабыл алуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында илим жана инновация фондун түзүү боюнча;
окуучулары палаткаларда окушуп жаткан мектептердин курулушун аяктоо боюнча;
милдеттүү түрдө ата мекендик авторлорду тартуу менен заманбап жана ылайыкташтырылган окуу адабияттарын жана окуу-көрсөтмө куралдарын, өзгөчө кыргыз тилинде, чыгаруу боюнча;
1990-2000-жылдары мыйзамсыз менчиктештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын кайруу боюнча;
айыл китепканаларынын фонддорун бүгүнкү көркөм адабияттар менен жаңылоо боюнча;
архивдик документтерди сактоонун шарттарын жакшыртуу боюнча;
- мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарда камкордук кеңешинин иши тууралуу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-3-беренесинин нормаларын жүзөгө ашыруу боюнча чараларды кабыл алуу;
- маданият объектилерин (маданият үйлөрүн, клубдарды, китепканаларды, эстеликтерди) жаңылоо, имараттарды оңдоо жана айыл жерлериндеги маданий объектилерди жабдуу маселесин чечүү;
- эл аралык деңгээлдеги спорттук иш чараларды өткөрүү үчүн спорттук көп профилдүү объектилерди куруу жана региондордогу спорттук мектептерди жана залдарды спорттук жабдуулар жана эмеректер менен жабдуу маселесин кароо;
- улуттук статуска ээ, мыйзамсыз менчиктештирилген "Ак кула" ипподромун мамлекетке кайруу боюнча чараларды кабыл алуу;
7) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча:
- "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому менен бекитилген, 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын жана иш чараларынын Планын түшүндүрүү боюнча аймактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн региондордо семинарларды жана тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу;
- коррупциялык жана кызматтык кылмыштарга байланышкан кылмыш иштери боюнча мамлекетке толук түрдө зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу;
- укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды бергендиги үчүн жарандарды стимулдаштыруунун, күбөлөрдү жана жабыр тарткандарды ишенимдүү коргоону мамлекет тарабынан камсыз кылынышынын механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
8) транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча:
кардиналдуу чаралар кабыл алынсын:
- базалык станцияларды жана көрсөтүүнүн техникалык каражаттарын орнотуу тууралуу уюлдук байланыш операторлору жана телерадио уктуруу уюмдары менен сүйлөшүүлөргө тийиштүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 19-январындагы № 2664 токтомунун 2-пунктунун 20-пунктчасын аткарууну тездетүү боюнча;
- Баткен областынын чек арага чектеш айылдарына тийиштүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын төртүнчү абзацын этап боюнча жүзөгө ашыруу бөлүгүн;
- көз карандысыз жол ажырым участкаларында: Айгүл-Таш-Согмент-Чарбак-Таян-Кан, Таян-Сай-Айдаркен, Бел-Соготту-Божой-Өтүкчү, Кок-Таш-Капчыгай-Аксай-Тамдык-Кишемиш, Көк-Талаа-Пульгон, Кулунду-Максат участкаларында бир булактан алуу ыкмасы менен, токтоосуз жана биринчи кезекте курулуштарды аяктоо, Айгүл-Таш-Согмент-Таян автожолдорун курууну улантуу үчүн - 10 млн. сом; Бел-Бөжөй - 15 млн. сом, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык - 5 млн. сом; Кулунду-Максат - 10 млн. сом бөлүү жана жалпы баасы 48 млн. сом болгон эки көпүрөнү куруу; ошондой эле Баткен областынын Баткен районундагы Чарбак жана Таян айылдарын ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыз кылуу курулушуна 34,2 млн. сом кошумча кароо менен "капиталдык курулуш" беренеси боюнча объектилерди каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 19-январындагы № 2664 токтомунун 2-пунктунун 6-пунктчасын жүзөгө ашырууну тездетүү боюнча;
9) отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча:
- долбоорду инвесторлордун өз учурунда каржылоосу үчүн жана Борбордук Азиянын бириккен энергосистемасына көз карандысыз өздүк айлампаны түзүүгө багытталган "Датка" 500 кВ жана 220 кВ ВЛ подстанциясынын курулушун жана "Датка-Кемин" 500 кВ ЛЭП курулушун жана "Кемин" ПС курулушун аяктоону тездетүү үчүн туруктуу контролдоону ишке ашыруу;
- бюджеттен айырмасын дотациялоо менен көмүр ишканаларынын көмүрүнүн баасын төмөндөтүү же ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн көмүр сатып алышкан чарбакер субъектилер үчүн наркынын айырмасын жабуу жолу менен керектөөнүн бардык; чөйрөлөрүндө ата мекендик көмүрдү натыйжалуу пайдалануунун экономикалык анализин жүргүзүү;
- ата мекендик көмүр ишканаларынын көмүр казып алуу көлөмүн жогорулатуу жана аны ата мекендик керектөөлөрдөн бардык чөйрөлөрүндө пайдаланууну арттыруу, ошентип Бишкек ТЭЦинин жана социалдык чөйрөнүн объектилеринин керектөөлөрү үчүн казакстандык көмүрдү ташып келүүнү кыскартуу боюнча чараларды кабыл алуу;
- жалпысынан республика боюнча, жана атап айтканда Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча 2012-2013-жылдардагы тиричилик муктаждыктарына электр энергиясын пайдаланууга акы төлөө үчүн компенсацияларды төлөп берүү боюнча "Оор, катаал жаратылыш-климаттык шарттарда бийик тоолуу жана жетүүсү оор зоналарда жашашкан адамдарга мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 токтомун кынтыксыз аткарууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине милдеттендирүү;
- жакынкы мезгилде жана келечекте тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүнүн Программасын иштеп чыгуу;
- "Жерүй" жана "Сол Талды-Булак" кен чыккан жерлерин өздөштүрүү боюнча баарын камтыган чараларды кабыл алуу;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү боюнча лицензияланган аянттарга тоо-кен - геологиялык иштерди жүргүзүп жаткан компаниялардын иштерине калктын укукка сыйбаган кийлигишүүсүн чектөө боюнча чараларды катуулатууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- "Майлы-Суу электр лампочкалар заводу" ААК, "Хайдаркан сымап комбинаты" ААК, "Кадамжай сурма комбинаты" ААК, "Бишкек машина куруу заводу" АК шаарларды түзүүчү ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакетин натыйжалуу башкарууга жана өндүрүштүк кубаттуулугун пайдаланууга мониторинг жүргүзүү жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды кабыл алуу;
- Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" ААК жана "Ореми" ААК юридикалык статусун аныктоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жана ошол ишканалардын кубаттуулугун ишке киргизүү боюнча чараларды кабыл алуу;
- 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2646-V "Калкты жаратылыш газы жана электрэнергиясы менен камсыз кылуу жөнүндө ошондой эле автомобиль жолдорунун абалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" (электрэнергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган маалыматтык-ченөөчү системасынын программасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүү боюнча (АИИС КУЭ) жана 2012-жылдын 6-июнундагы № 1968-V "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк улуттук бирикмеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы боюнча чараларды кабыл алуу;
- "2012-жылдагы Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин иштери жөнүндө" маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2012-жылдын 18-декабрындагы чечимин жана "Кутессай 2" жана "Калесай" ("Кутессай Майнинг" ЖЧК) кен чыккан жерлерин иштетүүгө лицензия берүүдө Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын айрым бузуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ырыс алды ынтымак" парламенттик көпчүлүк коалициясынын кеңешинин 2013-жылдын 9-апрелиндеги чечимин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору И.К.Чунуевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндөгү маселени чечүү;
10) бюджет жана финансы боюнча:
2013-жылга негизги божомолдонгон макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү аткарууга, экономиканын өнөр жай жана агрардык секторун турукташтырууга, өлкөдө таза инвестициялык климатты бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруу;
- өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган комплекстүү иш чараларды өткөрүү;
- ички өндүрүштөрдө акциз салыгынын республиканын бюджетине толук түшүүсүн, ички өндүрүшкө КНСтин, патенттин негизиндеги салыктын жана сатуудан түшкөн салыктын толук түшүүсүн камсыз кылуу;
- республиканын бюджетине дивиденддердин келип түшүүлөрүн жогорулатуу максатында мамлекеттик ишканалардын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу;
- мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөгө бюджеттен чыгымдарды азайтуу максатында жумушчу орундарын түзүү;
- катуу талаптарга байланыштуу тапшырыктардын келип түшпөгөндүгүнөн улам "Жерүй" алтын кен чыккан жерин иштетүүгө лицензияны сатуу боюнча конкурстук документтерди кайра кароо;
11) эл аралык кызматташтык:
- "Электрондук виза" системасын иш жүзүнө ашыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу;
- чет өлкөлүк жарандар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууну киргизүү;
- инвестициянын өсүшүнө өбөлгө түзгөн жана атаандаштыкка жарамдуу экономиканы жана жумушчу орундарын түзүүгө көмөктөшкөн фискалдык преференциялардын системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;
- мамлекеттин коопсуздугунун олуттуу керектөөлөрүнө жооп берген эмгек рыногун коргоонун максатка багытталган жана иштиктүү программасын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин эмгек акыларын жогорулатуу үчүн 2014-жылдагы Кыргыз Республикасынын бюджетинде каражаттарды кароо;
12) сот органдарынын ишин кепилдикке алууну камсыз кылуу боюнча:
- соттордун нормалдуу иштеп турушу жана судьялардын иштери үчүн финансылык каражаттарды бөлүү жана тийиштүү шарттарды түзүү жөнүндө маселени кароо;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнүн жана "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин талаптарына ылайык 2014-2015-жылдарга Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун бюджеттерине тийиштүү көрсөткүч маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен макулдашуу;
- сот арачыларынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын бюджетинде каражаттарды кароо;
13) мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, бажы жана башка мамлекеттик органдарды кошкондо, бардык категориялардын эмгек акыларын оптималдаштыруу системасы боюнча бирдиктүү концепцияны киргизүүнү караган "2013-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетти жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы № 2647-V токтомунун 2-пунктунун жетинчи абзацын аткаруу боюнча чараларды кабыл алуу;
14) мамлекеттик курулуш жана башкаруу чөйрөсүндө:
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоо максатында "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамдардын долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү;
- 2012-жылы жол берилген райондун акимдерин дайындоо жана бошотуу боюнча "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу фактыларына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул токтомдо алдыга коюлган милдеттерди аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинде каралган башка ыйгарым укуктарды толук өлчөмдө жүзөгө ашыруу боюнча баарын камтыган чараларды кабыл алсын;
- ушул токтомдун аткарылышы боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты 2013-жылдын 20-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө кийинки отчетту тиркемеге ылайык сунуш кылынган формат боюнча түзүүнүн максатка ылайыктуулугун кароо сунуш кылынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V токтому менен бекитилген, карамагына кирген маселелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин тийиштүү комитеттерине жүктөлсүн.
6. Ушул Мыйзам кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков
|