КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июну № 3348-V
"Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүм объекттерин жайгаштыруу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 30-майындагы № 303 токтому) "Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүм объекттерин жайгаштыруу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |