ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3347-V «Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүмдүн объектилерин жайгаштыруу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

Редакция27.06.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-июну № 3347-V

"Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүмдүн объектилерин жайгаштыруу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 30-майындагы № 303 токтому) "Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфратүзүмдүн объектилерин жайгаштыруу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков