Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген |
Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутум жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30, 2023-жылдын 3-мартындагы № 133 , токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун негизги максаттарын, милдеттерин жана анын иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинде (мындан ары - Мамлекеттик мекеме) жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун негизги процесстерин автоматташтырууну камсыздоочу маалыматтык тутумдан турат.
Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму (мындан ары - жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутум) жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого, жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле жарандык абалдын актыларынын жазууларын түзүүгө, эсепке алууга, сактоого жана Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга арналган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ээси болуп Мамлекеттик мекеме эсептелет.
Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумун пайдалануу Мамлекеттик мекеменин жана анын аймактык органдарынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө милдеттүү болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумун коштоо жана өнүктүрүү белгиленген тартипте Мамлекеттик мекеме тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун негизги максаттары жана милдеттери
5. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун негизги максаты болуп Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жана иштетүү процесстерин автоматташтыруу эсептелет.
6. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун негизги милдеттери төмөнкүдөй:
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жана башка юридикалык маанилүү иш-аракеттерди аткаруу;
- жарандык абалдын актыларына оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Мамлекеттик мекеменин жана анын аймактык органдарынын кызматкерлерине жарандык абалдын актыларынын мамлекеттик катталганы жөнүндө маалыматтарды (документтерди) берүү үчүн керектүү маалыматты алууларына мүмкүнчүлүктү түзүү;
- жарандык абалдын актыларынын мамлекеттик катталганы жөнүндө жалпылоочу отчетторду түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Мамлекеттик мекеменин Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымдамалык-маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү жана ресурстарды жайгаштыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунда иштетилүүчү жеке маалыматтар
7. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунда жарандардын төмөнкүдөй жеке маалыматтары иштетилет:
- идентификациялык жеке номери;
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты (өзгөртүлгөн учурда);
- жынысы;
- туулган күнү, айы, жылы (мындан ары - датасы);
- туулган жери;
- үй-бүлөлүк абалы;
- жарандыгы жөнүндө маалыматтар;
- жашаган жеринде жана (же) жүргөн жеринде катталганы жөнүндө маалыматтар;
- ата-энелеринин жеке маалыматтары;
- жубайынын жеке маалыматтары;
- никеге тургандыгы, никеден ажырашканы катталган күн жана жери;
- балдарынын жеке маалыматтары;
- жарандын өлгөндүгү же өлдү деп жарыяланганы тууралуу маалыматтар;
- Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жарандын жеке маалыматтары.
4. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун функциялык түзүмү
8. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунда Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй функциялык модулдар бар:
- туулгандыгы жөнүндө актылардын жазууларын каттоо жана эсепке алуу;
- никеге туруу жөнүндө актылардын жазууларын каттоо жана эсепке алуу;
- никени ажыратуу жөнүндө актылардын жазууларын каттоо жана эсепке алуу;
- бала асырап алуу жөнүндө актылардын жазууларын каттоо жана эсепке алуу;
- аталыкты тастыктоо жөнүндө актылардын жазууларын каттоо жана эсепке алуу;
- атты, фамилияны жана атасынын атын өзгөртүү жөнүндө актылардын жазууларын каттоо жана эсепке алуу;
- өлгөндүгү жөнүндө актылардын жазууларын каттоо жана эсепке алуу;
- жарандык абалдын актыларындагы жазууларга оңдоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти жүргүзүү.
5. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумун пайдалануучулар жана алардын функциялары
9. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумун пайдалануучулар болуп Мамлекеттик мекеменин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин ыйгарым укуктуу кызматкерлери эсептелишет, аларга автоматташтырылган маалыматтык тутумда төмөнкүдөй функциялык (пайдалануучу) ролдор аныкталышы мүмкүн:
- макулдашуучу адис;
- оператор.
Макулдашуучу адис - бул Мамлекеттик мекеменин аймактык органынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчиси.
Оператор - автоматташтырылган маалыматтык тутумга маалыматтардын жана маалымдамалардын киргизилиши үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу адис.
Автоматташтырылган маалыматтык тутумду пайдалануучулардын функциялык ролдорун жана аларга берилүүчү уруксатты департамент аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133, 025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумун иштетүү боюнча жалпы жетекчиликти Мамлекеттик мекеменин жетекчисинин орун басары ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Автоматташтырылган маалыматтык тутумдун макулдашуучу адисинин функциялары төмөнкүдөй:
- автоматташтырылган маалымдамалык тутумдун туруктуу иштешин камсыздоо;
- жарандык абалдын актыларынын жазууларын автоматташтырылган маалымдамалык тутум аркылуу каттоо;
- Мамлекеттик мекеменин аймактык органдарына кайрылышканда жарандардын беришчү маалымдамасынын негизинде автоматташтырылган маалымдамалык тутумдагы маалыматтарды түзүү жана жаңылоо;
- оператор автоматташтырылган маалыматтык тутумга киргизген маалыматтарды ырастоо жолу менен жарандык абалдын актыларын каттоодогу жазуулардын тууралыгын, мыйзамдуулугун контролдоо жана текшерүү;
- автоматташтырылган маалыматтык тутумга киргизилчү маалыматтардын толуктугун, актуалдуулугун, тууралыгын камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарына ылайык маалыматтарды ачыкка чыгарбоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Макулдашуучу адис операторлордун иши, автоматташтырылган маалымдамалык тутумга маалыматтардын өз убагында, толук жана туура киргизилиши үчүн, ошондой эле операторлор автоматташтырылган маалыматтык тутумга киргизүүчү документтердин электрондук үлгүлөрүнүн жайгаштырылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
13. Автоматташтырылган маалыматтык тутумдун операторунун функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- автоматташтырылган маалыматтык тутумдун туруктуу иштешин камсыздоо;
- Мамлекеттик мекеменин аймактык органына кайрылышкан жарандардын беришчү маалыматынын негизинде автоматташтырылган маалыматтык тутумдагы маалыматтарды түзүү жана жаңылоо;
- жарандарды тейлөө жана жарандык абалдын актыларынын жазууларын автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу каттоо;
- автоматташтырылган маалыматтык тутумга киргизилчү маалыматтардын толуктугун, актуалдуулугун, тууралыгын камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автоматташтырылган маалыматтык тутумдагы маалыматтарды ачыкка чыгарбоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Оператор автоматташтырылган маалыматтык тутум менен иштөөдө өзүнүн мыйзамсыз чечимдери жана аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчиликте болот.
6. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумун техникалык тейлөө жана өнүктүрүү
15. Автоматташтырылган маалыматтык тутумду техникалык тейлөө жана өнүктүрүү техникалык оператор тарабынан ишке ашырылат.
16. Техникалык оператор төмөнкүдөй операциялардын ишке ашырылышын камсыздайт:
- автоматташтырылган маалыматтык тутумдун серверлерин администрациялоо жана техникалык тейлөө;
- пайдалануучулардын автоматташтырылган маалыматтык тутум менен иштөөсү боюнча пайдалануучулар үчүн нускамаларды даярдоо;
- автоматташтырылган маалыматтык тутумдун программалык-техникалык каражаттарынын ишке жарактуулугун камсыздоо жана аны резервге көчүрмөлөө;
- автоматташтырылган маалыматтык тутумду пайдалануучулардын эсептик маалыматтарын башкаруу;
- автоматташтырылган маалыматтык тутумдун коопсуз маалыматтык мейкиндикте иштешин камсыздоо;
- автоматташтырылган маалыматтык тутумду пайдалануучулардын баардык категорияларын окутуу, консультация жана техникалык жактан жардам берүү.
17. Техникалык оператор маалыматтардын сакталышын жана бүтүндүгүн камсыздоо максатында автоматташтырылган маалыматтык тутумдун маалыматтык базасына уруксатсыз кирүүдөн же өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн сактоо үчүн маалыматты коргоо боюнча талаптардын тийиштүү чараларын белгилейт жана колдонот.
18. Автоматташтырылган маалыматтык тутумда пайдаланылуучу маалыматты коргоонун методдору жана ыкмалары техникалык оператор тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
19. Автоматташтырылган маалыматтык тутумдун тийиштүү функциялык модулдарында жана интерактивдүү сервистеринде жайгаштырылуучу маалыматтык материалдар Мамлекеттик мекеме тарабынан техникалык операторго белгиленген тартипте берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Автоматташтырылган маалыматтык тутумга жайгаштырылуучу маалыматтын тууралыгы жана актуалдуулугу үчүн жоопкерчилик Мамлекеттик мекеменин аймактык органынын жетекчисине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтык базасынын курамы
21. Маалыматтык базанын курамына төмөнкүлөр кирет:
- маалыматтык ресурстар, автоматташтырылган маалыматтык тутумда катталган калк жөнүндө маалыматтар камтылган массивдер жана документтердин электрондук образдары;
- жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумуна киргизүүнү, сактоону, маалыматтык базаны администрациялоону, пайдалануучулардын алышын жана башка маалыматтык тутумдар менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыздоочу автоматташтырылган маалыматтык тутум, программалык-аппараттык чөйрө.
22. Автоматташтырылган маалыматтык тутумдун маалыматтык базасын толуктоо төмөнкүдөй ишке ашырылат:
- жарандардын Мамлекеттик мекеменин аймактык органдарына кайрылуусуна жараша реалдуу убакыт режиминде;
- жарандык абалдын актыларындагы жазуулардын актуалдуулугун текшерүү үчүн Мамлекеттик мекеменин баштапкы жазуу жазылган аймактык органдарына архив менен салыштырып текшерүү үчүн суроо-талап жиберилүүгө тийиш.
Операторлор жана макулдашуучу адистер автоматташтырылган маалыматтык тутумга киргизилген маалыматтардын тууралыгы жана мыйзамдуулугу үчүн жеке жоопкерчиликте болушат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Автоматташтырылган маалыматтык тутумдагы маалыматтар жеке мүнөздөгү маалымат болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
24. Автоматташтырылган маалыматтык тутумдагы маалыматтардын корголушун камсыздоо үчүн тутумду пайдалануучулардын укуктарын чектөө механизмдери пайдаланылат. Автоматташтырылган маалыматтык тутумдун ар бир пайдалануучусу тутумда өзүнүн пайдалануучулук аты жана паролу менен гана иштөөгө милдеттүү. Конкреттүү пайдалануучунун маалыматты алуусу анын аткаруучу функциялары менен аныкталат.
8. Идентификациялык жеке номердин ыйгарылышы
25. Маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык тутумга биринчи киргизүүдө Мамлекеттик мекеменин аймактык органдары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери каттоонун ар бир субъектине, мунун ичинде ымыркайды каттоодо жана Кыргыз Республикасынын жаранында ИЖНи жок болсо идентификациялык жеке номер (мындан ары - ИЖН) ыйгарышат. Мында ИЖН бул маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык тутумда болгон бүткүл мезгилдин ичинде өзгөрбөстөн калат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 133, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Чет өлкөлүк жарандарды автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу каттоодо ИЖН ыйгарылат, ал чет өлкөлүк жаран жөнүндө маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык тутумда болгон бүткүл мезгилдин ичинде өзгөрбөстөн калат.
27. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту)