Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-ноябры № 2470-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым
комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине жана "2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары жашыруун добуш берүү менен:
Каныбек Капашович Иманалиев - Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Сандулла Канболотович Нышанов - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Кожобек Жайчыбекович Рыспаев - Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Карганбек Садыкович Самаков - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Анарбек Баратович Калматов - Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Жусупали Калматовнч Исаев - Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Айнуру Тойчиевна Алтыбаева - Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына;
Кенжебек Сатымкулович Бокоев - Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагалыгына шайлансын.
2. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети 2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" жана 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун ушул токтомго ылайык келтирсин.
Төрага | А. Жээнбеков |