Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 23 октябры № 3508-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринии коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтор Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшеруү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» жана 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтор Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» жана 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтор Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2013-жылдын 9-сентябрында «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен жетишилген келишимдердин алкактарында «Кумтор» долбоору боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган, анда Консультативдик Кеңештин жыйналышында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында эки тарап Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша биргелешкен ишкана түзүүнү сунушташкан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык фракциялары талкуудан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган «Кумтор» долбоору боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумду колдоого алышкан жок.
Өз кезегинде, документтерди жалган жасоо фактылары жана коррупциялык схемалар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан табылып, «Кумтор» долбоорун реструктуризациялоо боюнча «Камеко» корпорациясы менен 2003-жылдын 12-16-декабрында Торонто шаарында жалпы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эксперттер тобунун мүчөлөрү кармалган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде жана комитеттердин, парламенттик фракциялардын чечимдерин жана парламенттик угуулардын сунуштарым эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшеруү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» жана 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жетишсиз деп эсептелсин.
2. Консультативдик кеңештин жыйналышында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы жыйналышында жактырылган «Кумтөр» долбоору боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандум четке кагылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- Кыргыз Республикасынын позицняларын жакшыртуу максатында «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен сүйлөшүү процесстерин улантсын, анын «Кумтөр» долбоорундагы үлүшүн 67,0 %дан кем эмес калыбына келтирүүгө жетишсин;
- «Кумтор» кенин жер алдында ыкма менен иштетүү долбоорун карасын;
- мөңгүлөрдү сактоо үчүн мониторинг боюнча Борбор түзүүнү жана каржылоону карасын;
- экологиялык, тоо-техникалык, юридикалык жана экономикалык экспертиза жүргүзгөн аффелирленбеген ички жана эл аралык эксперттердин корутундусун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» ААКсынын, канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясынын, «Кумтор Оперейтинг Компани» ЖАКсынын, «Кумтор Голд Компани» ЖАКсынын жана канадалык «Камеко» корпорациясынын ортосунда 2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган «Кумтор» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууну жокко чыгаруу жол-жоболорун бир тараптуу демилгелесин жана «Кумтор» долбоору боюнча түзүлгөн башка макулдашууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бузсун, анын ичинде 2003-жылдын 31 декабрында түзүлгөн «Кыргызалтын» ААКсынын, канадалык «Камеко корпорейшн» корпорациясынын, канадалык «Камеко Голд Инк.» корпорациясынын жана канадалык «Центерра Голд Инк» корпорациясынын ортосундагы «Кумтор» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө Макулдашуудан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын жана «Кумтор Голд Компани» ЖАКсынын ортосунда 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн Инвестициялык макулдашуудан чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөндөгүлөр сунушталсын:
- канадалык «Камеко» корпорациясынын, «Центерра Голд Инк.» компаниясынын, «Кумтөр оперейтинг Компани» ЖАКсынын, «Кумтор Голд Компани» ЖАКсынын жана «Кумтор Голд Майнинг» ЖАКсынын менеджментин жана жетекчилигин экологиялык ченемдерди бузгандыгы жана башка тартып бузуулары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароо;
- өлкөнүнүн экономикасына зыян келтирген макулдашууларды. келишимдерди жана башка документтерди даярдоого жана кол коюуга катышкан кызматтык жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени кароо;
-Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 128 Мыйзамы менен ратификацияланган Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы Конвенциясынын жол-жоболоруна ылайык Кыргызстан үчүн мурда пайдасыз болгон макулдашууларды жокко чыгарууну кийин демилгелөө максатында рудадагы күмүштүн, теллурдун жана башка коштомо компоненттердин корлорун эске алуу менен «Кумтор» кени боюнча кымбат металлдардын корун эсептөөнү атайылап төмөндөтүү фактыларын иликтөө.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын 23-декабрына карата маалымат берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине, Эл аралык иштер боюнча комитенте, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине, Экономика жана, фискалдык саясат боюнча комитетине жана Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А .Жээнбеков |