Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 24 октябры № 3524-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чиндерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чиндерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгү курамда макулдашуу тобу түзулсүн:
1) Молдалиев О. А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү;
2) Исаков И.И. - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири;
3) Карашев А.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
4) Абылдаев М.Ю. - Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинен жооптуу, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири;
5) Темирбаев A.M. - Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары - Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн туруктуу өкүлү.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (К. Бокоев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
Т. Зулпукаров |