Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-ноябры № 3614-V
"Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри С.Раевдин маалыматын угуп жана талкуулап, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
"Манас" эпосунун үчилтиги дүйнөлүк маданияттын бермети, бардык этностордун жана улуттар аралык ынтымактын толеранттуулук идеяларын бекемдеген, кыргыздардын тарыхын, философиясын, дүйнө таанымын жана руханий маданиятын камтыган, атуулдукту, достукту, руханий эркиндикти даңазалаган жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңдалышына жаратмандык ролду ойногон кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурасы болуп саналат.
"Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, мамлекеттик коргоо жана калкалоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында 2011-жылы 28-июнда "Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Аталган Мыйзамга ылайык ушул улуу мурасты сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо боюнча чараларды жана атайын жоболорду аныктоо, эпостун укуктук статусун бекемдөө, идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий чараларды кабыл алуу сыяктуу багыттарды жүзөгө ашыруудагы мамлекеттин милдеттери белгиленген.
Ушул милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылдын 31-январындагы № 67 токтому менен 2012-2017-жылдардагы мезгилге "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекиткен.
Ага ылайык министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча чараларды көрүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жыл сайын, 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпылаган маалымат берүүгө милдеттендирилген.
Мыйзамдын 1-беренесин аткаруу максатында "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпикалык үчилтигин Кыргыз Республикасынын атынан материалдык эмес маданий мурастарынын дүйнөлүк тизмесине каттатуу үчүн ЮНЕСКОнун талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Номинациялык файл (досье), 10 мүнөттүк фильм, манасчылардын сүрөттөрү жана тийиштүү документтер бекитилип, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасына, Парижге (Францияга) 2012-жылдын 28-мартында жана 2013-жылдын 12-январында жиберилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим министрлиги тарабынан "Манас таануу" окуу программасынын концепциясы иштелип чыккан жана бекитилген. Орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында "Манас таануу" сабагы киргизилген. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Манас таануу" институту ачылган, биргелешкен типтүү "Манас таануу" программасы иштелип чыккан. Азыркы учурда жогорку окуу жайлары үчүн "Манас таануу" программасы боюнча усулдук окуу куралдарын, хрестоматияларды жана башка окуу китептерин жазуу жана басып чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 27-декабрдагы № 765/1 буйругу менен "Манас таануу" боюнча мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү республикалык олимпиаданын Жобосу бекитилген. 2013-жылы 16-майда Бишкек шаарындагы № 5 улуттук компьютердик гимназияда олимпиада өткөрүлгөн.
ЭлТР телерадиокомпаниясы жыл сайын 18-майда "Манас күнүн" белгилөөдө. "Улуу Баян" коомдук фонду, республикалык "Манас жаштар ордосу", Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясы 2011-жылдан бери республиканын орто билим берүүчү мектептеринин арасында "Манас таануу" теле долбоорун өткөрүп келүүдө. Бул теле долбоор Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясы тарабынан көрсөтүлүүдө. Кыргызпатент тарабынан "Манас" эпосунун варианттары CD жана DVD дисктерине жазылган.
Мыйзамдын 4-беренесин аткаруу боюнча, "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, коргоо жана калкалоо жаатында Улуттук Илимдер академиясы, Кыргыз улуттук университети жана "Манас эпосун сактоо жана жайылтуу" коомдук кыймылы тарабынан "Улуу сөздүн кечээги жана бүгүнкү тагдыры" аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн.
"Манас" эпосунун үчилтигин даңазалоого багытталган иш-чаралар бардык областтарда, райондордо, шаарларда, билим берүү мекемелеринде, китепканаларда, музейлерде, маданий жайларда өткөрүлүүдө, китеп-сүрөт көргөзмөлөрү, конференциялар, телекөрсөтүүлөр, радиоуктуруулар уюштурулууда.
Бирок, ушуга карабастан, "Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата Улуттук программасын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткарууда олуттуу кемчиликтер орун алган. Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иштиктүү чаралар көрүлгөн эмес жана аларды каржылоо булактары аныкталбаган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм, Финансы, Билим берүү жана илим министрликтерине, Кыргызпатентке, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине, Мамлекеттик каттоо кызматына жыл сайын бюджетти түзүүдө иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга каражат караштыруу, тиешелүү аракеттерди көрүү, квартал сайын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине маалымат берүү милдеттендирилген. Бирок, тилекке каршы, жогоруда аталган министрликтер жана ведомстволор тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттерди толук аткаруу боюнча жетиштүү чаралар көрүлгөн эмес, каражаттын жоктугуна шылтоо жасалып, иш-чаралардын планы кагаз жүзүндө калтырылган. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги иштиктүү чараларды көрүүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө каражат бөлүү боюнча маселени көтөрүүнүн, бул багыттагы иштерди координациялоонун ордуна маалымат топтоо менен гана чектелип калган.
"Манас" эпосунун С.Каралаевдин жана С.Орозбаковдун варианттарындагы академиялык чыгарылышын даярдоо жана басып чыгаруу каражаттын жоктугунан улам токтоп турат. Планда көрсөтүлгөн көптөгөн иш-чаралар (5, 6, 7, 8, 11, 13-24-пункттары) аткарылган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин иши жетишсиз деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата Улуттук программасын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча иштиктүү чараларды кабыл алсын;
- ал максаттарга тиешелүү акча каражаттарды бөлүштүрсүн;
- "Манас" эпосунун үчилтигин ыйык сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу жана бул багыттагы иштерди координациялоо, уюштуруу үчүн "Манас таануу" борборун түзүү маселесин карасын;
- "Манас" эпосун эл арасында кеңири даңазалоо жана пропагандалоо максатында "Манас" эпосун майрамдоо күнүн белгилесин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Финансы министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги "Манас эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата Улуттук программасын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча демилгелүү, жоопкерчиликтүү чараларды кабыл алсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрагасынын орун басары |
| Ч. Султанбекова |