Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2000-жылдын 3-июну N 316
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Эркин экономикалык зоналардын аймагында түзүлүүчү
юридикалык жактарды, юридикалык жактардын филиалдарын
жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоо
маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык жактардын түзүлүү, кайра өзгөртүлүү, жоюлуу фактыларын ырастоо, аларды толугураак эсепке алуу жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактардын жана алардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүнүн мамлекеттик реестрин толугураак жүргүзүүсү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эркин экономикалык зоналардын дирекциялары тиркемеде аныкталган формада:
- бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине катгоого турган, кайра катталган жана жоюлган юридикалык жактар, юридикалык жактардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды берсин;
- ЭЭЗдин субъекти катталгандан кийин 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ЭЭЗдин дирекциясы тарабынан катталган, кайра катталган жана жоюлган юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Эркин экономикалык зоналарда катталган юридикалык жактар жөнүндө маалыматгарды алардын ЭЭЗдердин дирекциялары тарабынан берилишине жараша юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине киргизсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр А.Муралиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 3-июнундагы N 316
токтомуна тиркеме
1. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн уюштуруучулук-укуктук формасы, аталышы жана жайгашкан жери: ___________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн катталуусу, кайра катnалуусу же жоюлуусу жөнүндө буйруктун датасы жана номери:________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн ОКПО коду: ______________________________________________ _______________________________________________________________________
4. Юридикалык жактын, юридикалык жактын филиалынын жана өкүлчүлүгүнүн түзүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар:_________________________ _______________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин
Аппарат Жетекчиси - Министр Р.Ешмамбетов