Загрузка документа…
2000-жылдын 12-июну № 331
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас
районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев
атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 5-статьясына жана Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек
Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө Талас областтык кеңешинин
1999-жылдын 24-августундагы сессиясынын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтү токтом кылат:
1. Талас областтык, Талас райондук, Көпүрө-Базар айыл кеңешинин Талас районун-
дагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп
кайра атоо жөнүндө сессияларынын чечимдерине макулдук берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-Базар
айыл кеңешин Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
3. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароо-
суна жиберилсин.
4. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палата-
лары караган учурда Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү У.С.Орозалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий
өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр А.Муралиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Талас областынын
Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл кеңешин
Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине
өзгөртүп атоо жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Ресиубликасынын Талас областынын Талас районундагы Көпүрө-База р айыл
кеңеши Рысбек Айдаралиев атындагы айыл кеңешине өзгөртүп кайра аталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган учурдан тартын күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти