Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 909-V
2011-жылдын 4-февралындагы № 151-V "2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу тууралуу
2011-жылдын 4-февралындагы № 151-V "2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2010-жылдын 9-августунда № 153 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ишке ашыруу жөнүндө" токтом кабыл алынган. Тилекке каршы, 2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун уюштурууда мамлекеттик органдар тарабынан коомдо ар түрдүү пикирлердин пайда болушуна алып келген олуттуу кемчиликтерге жол берилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-февралындагы № 151-V токтому менен түзүлгөн 2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - убактылуу депутаттык комиссия) өз ишин тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, диний жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү тарабынан айтылган фактылардын негизинде жүзөгө ашырды. 2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун уюштурууда жол берилген кемчиликтери негизденүү менен убактылуу депутаттык комиссия төмөнкү 3 негизги маалыматты иликтеди:
- Кыргыз Республикасына Сауд Аравия Королдугу тарабынан квотадан ашык (квотада 4500 виза) берилген визалар жөнүндө;
- Кыргыз Республикасына берилген квоталардын эсебинен Бишкек шаарында визаларды алыш 500дөн 900гө чейинки чет өлкөлүк жарандардын 2010-жылда Меккеге жана Мединага барышы жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Э.С.Каптагаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү жана 2010-жылда зыяратка бурууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча "көмүскө" штабга анын уулу К.Каптагаев жетекчилик кылгандыгы жөнүндө.
Убактылуу депутаттык комиссия тарабынан 2010-жылда зыяратка барууну уюштуруунун үстүндө иштеген тиешелүү министрликтерден, ведомстволордон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан көлөмү 1500 беттен ашык маалыматтар алынып, бул маселе боюнча көптөгөн адамдар менен сүйлөшүүлөр болуп, 2011-жылдын 12-апрелинде жана 30-майында кеңейтилген жыйналыштар өткөрүлгөн. Жогорудагы маалыматтарды талдоонун негизинде убактылуу депутаттык комиссия тарабынан тиешелүү корутунду даярдалып, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында угулган.
Жогоруда баяндалгандарды негизиңде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. 2010-жылда зыяратка барууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Э.С.Каптагаевдин саясий, моралдык, укуктук жоопкерчилигин кароо жана ага карата мыйзамдардын алкагында тиешелүү чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Президентинен өтүнүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен биргелешип такталган маалыматтын негизинде К.Каптагаевге карата тергөө аракеттерин эң кыска мөөнөттө жүргүзсүн жана мыйзамдардын алкагында чараларды көрсүн;
- 2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы А.М.Муралиевдин, анын орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурдагы директору Б.Абдрахмановдун жоопкерчилигинин деңгээлин аныктоо боюнча калыс териштирүү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун мурдагы орун басары К.Мурзахалиловго карата жазык ишинин козголушу негизсиз деп табылсын, ал иште кандайдыр бир көмүскө саясий сыр бар деп эсептелсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эң кыска мөөнөттө Сауд Аравия Королдугунун тиешелүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасында Сауд Аравия Королдугунун Элчилигин же Башкы консулдугун ачуу маселесин чечсин.
6. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Ш.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын жоюу жана анын ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүп берүү маселесин карап чыксын.
7. 2010-жылда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Меккеге зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча козголгон жазык иштерин аягына чейин чыгаруу тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-февралындагы № 151-V токтомунун 3-пунктун аткарууну контролго алсын.
9. Зыяратка барууну уюштуруу боюнча милдеттерди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жүктөө туура болгон деп эсептелсин жана 2011-жылда зыяратчылыкты уюштурууну жана жүзөгө ашырууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн чечимдерин эң кыска мөөнөттө даярдоодо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына ар тараптан жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасында зыяратка барууну уюштуруунун үстүндө иштеген министрликтер менен ведомстволорго милдеттендирилсин.
10. 2010-жылда зыяратка барууну жүзөгө ашырган зыяратчылар топторунун жетекчилеринин кызматынан баш тартуу менен 2011-жылда зыяратка барууну уюштурууга жана жүзөгө ашырууга даярданууда аларды мындай ишке тартпоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына сунуш кылынсын.
11. Зыяратка барууну уюштурууда жана жүзөгө ашырууда коррупцияны жана мамлекеттик кызматчылардын кийлигишүүсүн болтурбоо максатында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында Коомдук байкоочу кеңеш түзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш кылынсын.
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков |