Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-апрели № 1784-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын
Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин
колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Мамлекеттик социалдык
камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери
жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө",
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 26-октябрындагы № 681 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алышсын.
2. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети, (А.Т.Сулайманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |