Редакцияот 14.05.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 14-майы № 448-V

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 16-февралындагы № 102 токтому) «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А. Т. Сулайманов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                   А. Келдибеков