Редакцияот 17.11.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-ноябры № 1302-V

2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин

субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ

болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин

бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси төмөнкү мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Келдибеков