ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 1302-V «2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция17.11.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-ноябры № 1302-V

2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин

субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ

болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин

бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2008-жылдын 20-июнундагы № 553-IV "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси төмөнкү мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Келдибеков