Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-февралы № 3808-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-январындагы № 3771-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 29-июлундагы № 428 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо токтотула турсун жана экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтып келсин.
2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-январындагы № 3771-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (Ж.К.Исаев) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |