Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 21-февралы № 201-IV
2008-жылдын 21-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 21-февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
2008-жылдын 17-январындагы № 73-IV "Турак жайды ижарага алгандык үчүн акы төлөөнүн жана турак жайды жалдоо боюнча келишимди жол-жоболоштуруунун шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 27-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы биргелешкен аскердик окууларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 91 токтому менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 5-июнундагы № 1037-111 токтому менен бекитилген 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-августундагы № 356 токтому тууралу;
"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кишинев шаарында 2002-жылдын 7-октябрында кол коюлган 1996-жылдын 12-апрелиндеги Преференциялардын жалпы тутумунун алкагында тарифтик преференцияларды берүүдө Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн товарларынын чыккан жерин аныктоо эрежелери жөнүндө макулдашууда каралган Преференциялардын жалпы тутумунун алкагында тарифтик преференцияларды берүүдө Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн товарларынын чыккан жерин аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Брюссель шаарында 2007-жылдын 1-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомдоштугунун ортосундагы Аба каттамынын айрым аспекттери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 18-августунда кол коюлган Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбооруна Швециянын гранты жөнүндө (№ TF 090119 гранты) катты - макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Минск шаарында 1995-жылдын 26-майында кол коюлган Жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоону камсыз кылуу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Сингапур шаарында 2006-жылдын 28-мартында кол коюлган товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишимин ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Душанбе шаарында 2006-жылдын 25-майында кол коюлган 2006-2010-жылдарга КМШга катышкан мамлекеттердеги Согуштун ардагерлеринин, чакан чыр-чатактарга, тынчтыкты сактоо операцияларына катышуучулар менен террорчулуктун курмандыктарынын турмушун жакшыртуунун жана эмгекке жарамдуулугун жоготуусунун алдын алуунун социалдык жана медициналык негиздерин өнүктүрүү концепциясы жөнүндө Көз карандысыз Мамлеккеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечимин ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-июнунда күчүнө кирген Мамиле жасоонун жана жазалоонун кыйноо жана башка катаал, адамгерчиликсиз же беделди кемсинтүүчү түрлөрүнө каршы конвенцияга карата Факультативдик Протоколго кошулуусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төрага | А. Мадумаров
|