Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-февралы № 3831-V
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишинин жыйынтыктарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу
"Республика" парламенттик фракциясынын кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 3028-V токтому менен түзүлүп, курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.Арипов (комиссиянын төрагасы), А.Бекматов, З.Алымбеков, З.Жоошбеков, А.Артыков, А.Маматалиев, А.Арапбаев, У.Кочкоров, А.Досалиев, Т.Мадылбеков, Н.Молдобаев киришкен жана 2010-жылдын 1-июнунан тартып 2013-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилдеги анын финансылык-чарбалык ишине толук текшерүү жүргүзгөн, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишинин жыйынтыктарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт.
1. 2010-жылдын июнундагы кайгылуу окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Ош жана Жалал-Абад шаарларын, өлкөнүн түштүгүндөгү калктуу конуштарды тезинен калыбына келтирүү боюнча жардам көрсөтүү, ошондой эле жарандардын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш турмушу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы УӨ № 76 Декрети менен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) түзүлгөн.
2. Убактылуу Өкмөттүн жогоруда аталган Декретин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 токтому менен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд (мындан ары - Фонд), атайын фонддун каражаттарын чыгымдоону контролдоо боюнча Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеши) түзүлгөн.
Фонддун каражаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын, ошондой эле донорлор, эл аралык уюмдар, жеке секторлор, башка өкмөттүк эмес уюмдар, анын ичинде кайрымдуулук фонддору тарабынан берилген каражаттардын эсебинен топтолгон.
3. Башкы дирекциянын башкы директору Ж.Ж.Сатыбалдиевге Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басарынын, Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндөн кийин - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин статусу берилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад областтарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү маселеси боюнча расмий өкүл катары Ж.Ж.Сатыбалдиевге чектелбеген ыйгарым укуктар, анын ичинде министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, анын компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү бийлик органдарына, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө тапшырма берүү укугу берилген.
4. Убактылуу комиссиянын, укук коргоо органдарынын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишине кызыкчылыктардын конфлиги бар экендиги олуттуу тоскоолдук болгон. Ж.Ж.Сатыбалдиевдин башкы дирекциянын жетекчилигинен кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Премьер-министринин кызмат ордун ээлеп турушу иликтөөнүн жүрүшүнө таасирин тийгизбей койгон жок. Натыйжада Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлери маселени толук кандуу талдоо жана ар тараптуу иликтөө үчүн атайылап жасалма тоскоолдуктарды түзүштү. Убактылуу комиссияга подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууга, долбоорлор, сметалар, ошондой эле курулуш тармагынын негизги финансылык документтеринин бири болуп саналган КС-2, КС-3 формаларынын отчеттору менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Комиссиянын мүчөлөрүнө ошондой эле тереңдетип ачуу, контролдук өлчөө иштерин жүргүзүүгө жол берилбеди.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2010, 2011-жылдарга аудитти үстүртөдөн жүргүзгөн.
Ош, Жалал-Абад областтарынын прокуратуралары тарабынан козголгон оңдогон кылмыш иштери мөөнөтүнүн эскиргендиги шылтоого алынып, токтотулган же жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн дээрлик кылмыш иштери козголгон эмес.
Мамлекеттик дирекциянын ишиндеги олуттуу укук бузууларды жана коррупциялык схемаларды жашыруу максатында Премьер-министр Ж.Ж.Сатыбалдиевдин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтому менен Мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча комиссия түзүлгөн. Али бүтө элек 23 объект Ош областынын капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) турак жай - жарандык курулуш департаментине өткөрүлүп берилген. Натыйжада ККБ аталган объектилерди курулуш-монтаждоо иштеринин башталышы тууралуу маалыматтары жок эле улантууга аргасыз болушкан.
5. 2010-жылдан 2013-жылдын 1-январындагы мезгилде Мамлекеттик дирекция боюнча каражаттарды финансылоону жана пайдаланууну талдоо төмөнкүлөрдү көрсөттү:
- эсептин, контролдун, ачык-айкындыктын жана конкреттүү жоопкерчиликтин жоктугу;
- бардык булактардан келип түшкөн 11404,5 млн.сом суммасы боюнча (бюджеттик, гуманитардык жана башка каражаттар) 4616,1 млн.сом (40,47%) суммасындагы каражаттарды чыгымдоо боюнча гана отчеттор бар;
- БУУ УВКБ, Кызыл Крестин Эл аралык Комитети жана ЮСАИД тарабынан бөлүнгөн каражаттар жана башка каражаттар республикалык бюджет жана казыначылык системасы аркылуу өткөрүлгөн эмес;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 токтому менен белгиленген каражаттарды топтоштуруунун эрежеси бузулган, анын натыйжасында каражаттардын негизги бөлүгү контролдон сыртта калган жана Фонддун эсеби аркылуу өткөрүлгөн эмес (гранттар, гуманитардык жардамдар жана башка каражаттар);
- Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан берилген 200 млн.сом суммасындагы, ошондой эле Казакстан Республикасы тарабынан берилген 85061,0 миң сом суммасындагы курулуш материалдарынын тагдыры белгисиз. Ошондой эле кайсы объектилерге, кимге, канча, качан жана кандай курулуш материалдары берилгендиги тууралуу маалыматтар жок;
- фонддун каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн контролдоо боюнча мамлекеттик, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн иштери жөнүндө маалымат жок.
Ошентип, Башкы дирекция тарабынан коррупция үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
6. Республикалык бюджеттен Финансы министрлиги тарабынан Фондду каржылаган каражаттарды пайдалануу төмөндөгүдөй мүнөздөргө ээ:
а) 279,9 млн.сом суммасындагы каражаттарды максатсыз пайдалануу;
б) смета боюнча каралбаган чыныгы чыгымдоолор:
- долбоорлоо - иликтөө иштерине - 119,4 млн.сом. Долбоорлоо - сметалык документтерди, архитектуралык-пландоо тапшырмаларын (АПТ) иштеп чыгууга, долбоорду макулдашууга, экспертиза жүргүзүүгө, курулушка уруксат алууга ж.б.у. чыгымдар 1 кв.м. баасын аныктаганда подрядчынын чыгашаларында каралган. Мындай иштердин жалпы наркы Ош шаары боюнча гана 280,9 млн.сомду түзгөн. Жогоруда аталган бардык суммалар максатсыз чыгымдардын эсебинен Мамлекеттик дирекция тарабынан кошумча түрдө төлөнгөн, бул эки эселенген төлөм жана мамлекетке зыян келтирүү болуп саналган;
- башка чыгашаларга - 6,6 млн.сом;
- АБР долбоорун кошумча каржылоого - 13,4 млн.сом;
в) 2010-жыл үчүн 15 объект боюнча 32,7 млн.сом суммасындагы аткарылган иштердин наркы жогорулатылган, аудиттин жүрүшүндө ал калыбына келтирилген;
г) 2011-жылдын 1-кварталы үчүн 9 объект боюнча 8,5 млн.сомго аткарылган иштердин наркы жана көлөмү жогорулатылган. Анын ичинен аудиттин жүрүшүндө 2,9 млн.сому гана калыбына келтирилген;
д) 2012-жыл үчүн 10 объект боюнча 54,1 млн.сом суммасындагы аткарылган иштердин наркы жогорулатылган, ал аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген;
е) чыныгы жана алдын-ала каралган сметалардын чыгымдарынын ортосунда ажырым бар:
- курулуш-калыбына келтирүү иштерине - 139,5 млн.сом;
- узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудаларды жана жабыр тарткан адамдарга акысыз жардамдарды берүүгө - 9,7 млн.сом;
- жабыр тартышкан ишкерлерге акысыз жардам берүүгө - 3,1 млн.сом;
ж) ар кайсы объектилердеги турак-жайдын 1 кв.м. баасы 300 АКШ долларга чейин жетип турган. 17 объект боюнча гана подрядчылар пайдадан ашык 565,4 млн.сом суммасын алышкан. Маселен, Ош шаарындагы "Анар" микрорайонундагы 3321,7 кв.м. аянтындагы 40 батирлүү үйдүн курулушуна 47,937 млн.сом (өзүнө турган наркы 1 кв.м. 14431 сомго барабар), Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндөгү аянты 2979,7 кв.м. 40 батирлүү экинчи үйгө - 67,5 млн.сом (өзүнө турган наркы 1 кв.м. 22653 сомго барабар) жумшалган. Айырмалары 20 млн.сомду түзөт.
7. Мамлекеттик дирекциянын түзүмү башында эле ушул органдын максаттарына жана милдеттерине жооп бербеген формада бекитилген. Натыйжада эл аралык финансылык институттар объектилердин курулушун өз учурунда каржылай алышкан эмес, АПТ, долбоорлор өз учурунда даярдалбаган, акча каражаттары топтолгон эмес, бул коррупция, иш көлөмүн жогорулатуу, сметаны бузуу жана долбоорлордо ката кетирүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн.
Башкы дирекцияны күтүү үчүн гана 81 млн.сом сарпталган. Бул учурда аппаратты күтүүгө каражаттарды туура эмес сарптоо, маяналарды жогорулатуу, Соцфондго туура эмес чегерүү, өргүүгө жана сый акыларга төлөө боюнча одоно бузуу фактылары жолугат.
Подряддык иштерге тендерлер долбоорлоо-сметалык документтери (ДСД) жок жүргүзүлгөн. ДСД, АПТ иштеп чыгуу, жер участокторун сатып алуу сыяктуу Башкы дирекциянын ыйгарым укуктары подрядчыларга берилген, мындайга таптакыр жол берилбеши керек болчу. Ошентип, подрядчиктер менен подряддык келишим түзүү подрядчиктердин маалыматына негизделген. Аткарылган ишти кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Мамкурулушу тарабынан бекитилген КС-2, КС-3 формалары жок жүргүзүлгөн, бул Башкы дирекциянын аткарылган иштин чыныгы көлөмүн, сатып алынган курулуш материалдарынын санын жана сапатын жаап жашырууга, ошондой эле подряддык иштердин наркын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген. Подрядчы менен мындай макулдашууларды түзүү андан ары кошумча макулдашууларды түзүүнүн натыйжасы жана мыйзамдуулугу боюнча шектенүүлөрдү жараткан. 20 объектилер боюнча гана жогорулатуу багытында 169,7 млн.сом суммасында кошумча макулдашуу түзүлгөн.
8. Жер участокторун сатып алууда алдамчылыкка жол берилген. Маселен, "Оценка Юг" ЖЧКга (Б.Калыков) 992000 сомго бааланган (10.11.2010-ж.) 8900 кв.м. аянтындагы жер участогу бир айдын ичинде кайрадан сатылып, 3250000 сомго бааланган. Башкы дирекция тарабынан ал № 20 келишимге ылайык 9736000 сомго сатып алынган, болгондо да аянтынын өлчөмү 900 кв.м. азаюу менен сатып алынган.
9. Курулган объектилердин сапаты өтө төмөн экендиги аныкталган. Бүтө элек объектилерди пайдаланууга берүү фактылары бар. Полуна бетон төшөлбөгөн, суу түтүктөрү жылуулантылып оролбогон, кошулмалардагы ачыктар шыбалбаган, нымдан жана сапатынын начардыгынан каалгалар жана полдорунун ламинаттары көөп кеткен, шыбактары күбүлүп түшкөн үйлөр бар. Квартираларды суу каптаган фактылары бар, натыйжада дубалдардын шору чыгып, боектору жана шыбактары сыйрылууда.
Убактылуу депутаттык комиссия тарабынан табылган жогорудагы олуттуу бузууларды жана кемчиликтерди эске алын, коомдун мамлекеттик бийлик органдарына ишенимин бекемдөөнүн зарылчылыгынан улам, жогорку кызмат адамдарынын кандайдыр бир шектүү аракеттерин жаап-жашырууга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик дирекциянын жетекчилигинин (Ж.Ж.Сатыбалидев, Ж.А.Жээнбеков, К.Б.Бактыгулов) иши жетишсиз деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- үч айлык мөөнөттө финансылык каражаттарды, анын ичинде эл аралык донорлордон түшкөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндөгү Мамлекеттик дирекциянын ишине ар тараптуу текшерүү жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Мамлекеттик дирекциянын, ошондой эле Мамлекеттик дирекциянын ишиндеги бузууларды ачууну токтотушкан жана ал боюнча тийиштүү чараларды кабыл албаган прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берсин. Иликтөөнүн алдын-ала натыйжалары жөнүндө 2014-жылдын 15-майына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жалпылаштырылган маалыматты берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине (Ж.К.Исаев) жана Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (К.С.Бокоев) жүктөлсүн.
|
|
|
|
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|