Редакцияот 26.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 26-февралы № 3850-V

"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 25-ноябрындагы № 635 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42 жана 45-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун кыйшаюусуз сактасын;

төмөндөгүдөй чараларды кабыл алсын:

"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча;

ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Мыйзам долбоорунун текстти, маалымкат негиздемеси жана кемчиликтерин четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтары менен берүү тууралуу мыйзамдардын жоболорун кыйшаюусуз аткаруу боюнча;

"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 2014-жылдын 31-мартына карата маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (К.С.Дыйканбаев) жүктөлсүн. 

 

 

 

  

 

 

 

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров