ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 26-февралы № 3850-V «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

Редакция26.02.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 26-февралы № 3850-V

"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 25-ноябрындагы № 635 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42 жана 45-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун кыйшаюусуз сактасын;

төмөндөгүдөй чараларды кабыл алсын:

"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча;

ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Мыйзам долбоорунун текстти, маалымкат негиздемеси жана кемчиликтерин четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтары менен берүү тууралуу мыйзамдардын жоболорун кыйшаюусуз аткаруу боюнча;

"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине 2014-жылдын 31-мартына карата маалымат берсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (К.С.Дыйканбаев) жүктөлсүн. 

 

 

 

  

 

 

 

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров