Редакцияот 05.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 5-июну № 456-IV

"Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга

берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган (2008-жылдын 28-мартындагы № 111 токтом) "Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылмандарды Кыргыз Республикасына виза берилгендиги үчүн консулдук жыйымдардан бошотуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн документтерди жол-жоболоштурууда мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотуу бөлүгүн караган "Мамлекеттик алымдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылсын.

 

Төрага

А.Тагаев