Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 19-июну № 512-IV
2008-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына
кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча төмөнкү маселелер киргизилсин:
"Кыргыз Республикасы менен Эларалык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө 2008-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну (Н358-0KG), ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Аба катнашы жөнүндө" 2000-жылдын 2-февралында Минск шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө" 2002-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Шанхай кызматтыштык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бишкек шаарында 2007-жылдын 16-августунда кол коюлган маданият тармагында кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Юридикалык жана жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү жана Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү акциздик товарларга 2006-жылга акциз салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан товарларды сатып алууну жана тейлөөлөрдү "110 кВ Айгүлташ-Самат ЖЛ жана подстанция" долбоорунун чегинде салыктарды жана төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жалдоочунун (иш берүүчүнүн) жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргаз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"И.Айдарбековдун элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Каталиттик Фондунун Грантынын (EFA-FTI Грант № TF 094141) "Билим берүү бардыгы үчүн" программасын тездетип жүзөгө ашыруу демилгелери" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө.
Төрага | А.Тагаев
|